Польшанын Вильямовице шаарында сугат күнү өтсө, Бишкекте "Бейформал Путин" сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Ньюфаундленд аралынын жээгинде айсбергдердин аллеясы ачылды, ал эми Непалда Синдур Жатранын фестивалы болуп өттү.
Түркияда конституциялык референдум өткөрүлсө, Шерегеш тоо лыжа курортунда Grelka fest фестивалы өттү.
Колумбиянын Манисалес шаарында жер көчкүнүн айынан 19 адам мүрт кетти, Токиодо болсо Cristian Dior мода үйүнүн жаңы коллекциясы көрсөтүлдү.

Польшанын Вильямовице шаарында дүйшөмбүдө сугат күнү өттү. Бул Пасхадан кийинки күн. Анда элдик каада-салтка байланыштуу кыздардын үстүнө суу куюлат. Мындай үрп-адат Польша, Чехия, Словакия, Венгрия жана Украинанын батыш тарабындагы айрым аймактарда сакталып калган

Непалдагы Синдур Жатра фестивалынын катышуучусун киноварь краскасы менен боеп жатышат

Бишкекте "Бейформал Путин" фото көргөзмөсү өттү. Сүрөттөр "Московский комсомолец" гезитинин фото кабарчылары Александр Астафьев менен Наталия Губернаторов тарабынан чогултулган. Көргөзмө кыргыз-орус дипломатиялык мамилелеринин 25-жылдыгына арналган

Ньюфаундлен аралынын жээгинде дүйнөгө таанымал айсбергдердин аллеясы жайгашкан. Жыл сайын жаз айларынын акырында туристтер муздардын парадын көрүү үчүн аралга келишет. Бир сезондо Ньюфаундленддин жанынан 600гө чукул айсберг агып өтөт

Байкоңур космодромунан "Союз МС-04" кемеси учурулду

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн балконуна чыгып, пасха коёну менен гимн аткарып жаткан учуру

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын тарапташтары конституциялык референдумдун жыйынтыгына кубанып жатышат

Ирактын Мосулунан качкан бозгундар Кхазер лагерине жайгашууда

Гүл көйнөктөрүн кийген моделдер Англиянын Йоркшир шаарында өткөн жазгы гүлдөрдүн көргөзмөсү учурунда

Шерегеш тоо лыжа курортундагы Grelka fest фестивалынын катышуучулары. Бул убакта күн жылуу болгондугуна байланыштуу, көпчүлүк катышуучулар купальникчен лыжа тебүүнү жактырышат

Пхеньяндын борбордук зоопаркында балдар бал муздак жеп жатышат

Израилдеги Кибуца айылындагы лютик гүлү өскөн талаа

Калькуттадагы жарандардын сыйынуу учуру

Колумбиядагы жер көчкүдөн талкаланган аймакта калган ит

Жолду кардан тазалоо иштери (Норвегия)

Францияда өткөн сынак учурунда катышуучулардын бири буканын үстүнөн секирди

Стилисттер Christian Dior мода үйүнүн жаңы коллекциясын Токиодо көрсөтүү учурунда подиумга моделди даярдап жатышат

Кытайдагы күрүч өстүрүлгөн талаа

Калифорнияда өткөн музыка жана искусство фестивалы

Полиция академиясынын бүтүрүүчүлөрү Лондондо өткөн парадда

Венесуэланын президенти Николас Мадурого каршы чыккан демонстранттар газ толтурулган канистрлерди полицияга карата ыргытышты

Франциянын мурдагы экономика министри Эммануэль Макрон менен "Улуттук фронт" партиясынын лидери Марин Ле Пен президенттик шайлоонун экинчи туруна өтүштү. Өлкөнүн экс-премьер-министри Франсуа Фийон 19,91 пайыз добуш алды. "Багынбаган Франция" кыймылынын лидери Жан-Люк Меланшон 19,64 пайыз добуш алган. Экөө тең президенттик жарыштан четтетилди. Францияда президенттик шайлоо 11-жолу өтүп жатат.
