БИШКЕК, 18 апр — Sputnik. Бишкекте "Башкача Путин" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анын авторлору "Московский комсомолец" гезитинин фотокабарчылары Александр Астафьев менен Наталья Губернаторова болуп эсептелинет.
Көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстандагы Россиянын элчиси Андрей Крутько катышып, Россия президенти Владимир Путиндин эс-тутуму күчтүү экенин белгиледи.
"Бишкектеги саммит учурунда Владимир Путин менен жарым саат баарлаштык. Кайсы бир маселени талкуулап жатып, бул суроону өткөн жолугушууда сүйлөшпөдүк беле деп эскертти", — деди дипломат.
Экспозицияга Россия президентинин дүйнө лидерлери менен болгон жолугушууларын, аземдүү иш-чаралардагы кадрларды көрүүгө болот. Ошондой эле көргөзмөгө Путиндин эс алуу маалындагы сүрөттөрү чагылдырылган.
Көргөзмө Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Челябинск, Кострома, Сочи, Майкоп, Омск, Курск, Астрахань, Тула, Барнаул, Севастополь, Симферополь шаарларында көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Греция, Испания, Германия жана Улуу Британиянын тургундарына да тартууланды.