00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркиядагы референдум. Президенттик башкарууну каалагандар жеңишке жетти

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүРеферендум по изменению конституции Турции
Референдум по изменению конституции Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип Түркия өнүгүүгө багыт алган көп өлкөлөр жетпей келе жаткан парламенттик башкаруудан баш тартууда.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Түркияда парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү максатында өткөн конституциялык референдумдун жыйынтыгы чыкты. Алдын ала маалыматтарда президенттик башкарууга өтүүнү каалагандар 51,2 пайыз алды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Референдумда каршы деп добуш бергендерден "ооба" деген тарап 1 млн. 25 миң ашык добуш алган.

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТүркияда парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү максатында өткөн конституциялык референдумдун жыйынтыгы чыкты.
Түркияда парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү максатында өткөн конституциялык референдумдун жыйынтыгы чыкты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түркияда парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү максатында өткөн конституциялык референдумдун жыйынтыгы чыкты.
© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүАлдын ала маалыматтарда президенттик башкарууга өтүүнү каалагандар 51,2 пайыз алды
Алдын ала маалыматтарда президенттик башкарууга өтүүнү каалагандар 51,2 пайыз алды - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алдын ала маалыматтарда президенттик башкарууга өтүүнү каалагандар 51,2 пайыз алды
1/2
Түркияда парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү максатында өткөн конституциялык референдумдун жыйынтыгы чыкты.
2/2
Алдын ала маалыматтарда президенттик башкарууга өтүүнү каалагандар 51,2 пайыз алды

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгени Түркия парламенти колдоп, ага президент Режеп Тайып Эрдоган кол койгон.

Референдумда жалпы жонунан 18 беренени өзгөртүү каралган. Ага ылайык, мамлекет башчы вице-президентти, министрлерди жана жогорку даражадагы аткаминерлерди өзү дайындай алат. Премьер-министрлик кызмат жоюлуп, министрликти түзүү, таратуу, алардын укук-милдеттемелери, структурасы президенттин жарлыгына жараша болот. Ошону менен бирге өлкө башчы өзгөчө кырдаал жарыялап, парламентти таратуу укугуна ээ болот.

Парламент депутаттарынын саны 550дөн 600гө чейин көбөйүп, мурда жашы 25тен жогору болсун делген талап алынып, 18 жаштагы жарандар да депутат болуусуна жол ачылды. Ал эми кайра шайлоо өткөрүү чечимин парламент да, президент да чыгара алат. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин дайындоо бир күндө өтөт. Парламент жана президент беш жылдык мөөнөт менен шайланып, өлкө башчынын бийликте катары менен эки мөөнөткө калуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындай демилгеги президенттин "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы толугу менен жана Улуттук кыймыл партиясынын депуттарынын көбү колдогон. Ал эми Элдик республикалык партия менен Элдик демократия партиясы каршы чыгып, Эрдоган түшпөс хан болууга умтулуп жатат дешкен.

Референдум эки адамдын өмүрүн алды

Референдум 167 140 шайлоо участокторунда өтүп, 55,3 миллион түрк жарандары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан сырткары, түрмөлөрдө 461 шайлоо участогу ачылган. Процесске 380 миң полиция кызматкери көз салды.

Бул шайлоо 80 миңге жакын калкы бар Түркиянын көп аймактарында тынч өткөнү менен эки кишинин өмүрүн алып кетти.

Диярбакырдын айылдарынын биринде эки башка саясий көз караштагы топтор ортосунда шайлоо участогунун жанында жаңжал чыгып, атышуудан эки жаран набыт болгон.

Оппозиция добуш берүү боюнча үн катты

Сторонники вытесненного лидера Южной Кореи Пак Кын Хе - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Түштүк Кореянын президенттигине беш талапкер ат салышууда
Анткен менен элдик добуш берүүнүн мындай жыйынтыгына Түркиянын оппозициядагы күчтөрү макул эмес. Элдик республикалык партиянын өкүлү Эрдал Аксюнгер шайлоо участокторунун 37 пайызындагы жыйынтыктар менен макул эместигин, тим отуруп калбай тургандыктарын жана аны кайра кароого аракет кыларын айтты.

Ошентип Түркия өнүгүүгө багыт алган көп өлкөлөр жетпей келе жаткан парламенттик башкаруудан баш тартып, дүйнөнүн көп мамлекеттеринин жарандары кутула албай келе жаткан президенттик башкарууга умтулууда.

Ал эми Түркия дайыма умтулуп келген Евробиримдик (ЕБ) эмне дээр экен? ЕБдин Еврокомиссиясы азырынча шайлоо процессине көз салган ЕККУнун байкоочулары маалымат күтүп жаткандыктарын билдирди. Албетте, бул жерде шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар туурасында да кеп болушу мүмкүндүгү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0