Эми Россиянын сулуулугун дүйнөгө 21 жаштагы селки Полина Попова тааныта турган болду. Улуу Британия ханышасы Елизавета II пил менен учурашып, жылмаюу тартууласа, Испанияда католиктер жүрүш жасады. Индиядагы ири жолдордун биринде чоң чуңкур жаралып, ага автобус менен жеңил автоунаа түшүп калды.
Ливиянын жээгинде Африкадан келе жаткан кеме чөгүп кетип, куткаруучулар 163 кишини сактап калса, таиланддыктар Сонгкран, бизче айтканда Жаңы жыл тосту. Көл кылаасында №54 жылкы заводунун 90 жылдыгына карата ат оюндары өтүп, ага күбө болгон эл бир тамшанып алса, 600 адам кудум Чарли Чаплин болуп кийинип, анын 128 жылдыгын белгиледи.
Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай Канаданын ардактуу атуулу болсо, Түндүк Кореяда анын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин 105 жылдыгын белгилешти. Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкө жетекчилеринин жолугушуусу өтүп, жыйынтыгында бир канча документтерге кол коюлду.

"Россия сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү болуп Свердлов облусунун тургуну 21 жаштагы Полина Попова аныкталды. Бул жеңиш Поповага эл аралык "Дүйнө сулуусу" жана "Аалам сулуусу" сынактарына жолдомо болуп бермекчи. Сулуу 3 миллион сом жана автоунаага ээ болду

Новосибирскиде бодибилдинг, бодифитнес жана фитнес-бикини боюнча ачык чемпионат болуп өттү

Улуу Британия ханышасы Елизавета II менен Эдинбург герцогу Уипснейд зоопаркында пилдерди караган жаңы борбордун ачылышына катышты

Испанияда өздөрүнүн салт-санасына ылайык католиктер жүрүшү болду

Британиялык художник Марк Уоллингердин Лондондун соборундагы Ecce Homo статуясы

Индияда чоң магистралдардын биринде асфальт чөгүп кетип, оңбогондой чуңкурду пайда кылган. Ага автобус жана жеңил автоунаа түшүп кетип, бир нече киши жабыркады

Өмүр менен өлүм кармашкан учурлар. Ливиянын жээгинде Африкадан келе жаткан кеме чөгүп кеткен. Куткаруучулар 163 кишини сактап калды

Исламабаддагы храмда (Пакистан) бекер тамак-аш тарата турган жай ачылды

Непалдагы жарманкелердин биринде каскадер өнөрүн көрсөтүп жатат

Германия. Жерде да гүл, бийиктикте да гүл

Көбүк менен жаңы жыл тосуу. Таиланддагы Сонгкран, бизче айтканда Жаңы жыл. Бул бутпарастардын үй-бүлөлүк майрамы.

Ар кыл эл, ар кыл майрамдар. Таиландда үч күн "Суу согушу" болду. Майрамдык "согуш"

Кыл чайнашкан учурлар. Көл кылаасында №54 жылкы заводунун 90 жылдыгына карата ат оюндары өттү. Байгеге 1,1 млн. сом жана жети темир тулпар коюлду

600 Чарли Чаплин. Бул улуу адамдын 128 жылдыгына карата анын музейинин жанына бою, кийими, ал тургай таягы Чаплиндин өзүндөй болгон кишилер чогулду.

Үч мерчемдүү (3D) басманын жардамы менен Бельгияда шоколад бөтөлкө жасалды

Бишкектеги пасха жана аны белгилөө. 15-апрелден 16сына караган түнү Кыргызстан епархиясы менен Бишкектеги чиркөөнүн маалыматына таянсак, сыйынуу үчүн 3 миңге чукул киши келди

Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай Канаданын ардактуу атуулу болду. Өлкөнүн премьер‐министри Жастин Трюдо Оттавада ага улуттук желекти тапшырды

Уругвай. Аттын кулагы менен тең ойногон чабандес. Салт болуп калган родео

Офицерлер Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин 105 жылдык салтанаты учурунда азыркы башчы Ким Чен Ын менен учурашып жатат

Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Жыйынтыгында бир канча документтерге кол коюлду. Кыргызстан менен Россиянын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин.
