Чолпон-Атадагы ипподромдо 13-15-апрель күндөрү ат оюндары өткөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди. Мелдеш "Этно маданиятты өнүктүрүү, ат индустриясы жана асыл тукум мал өстүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына арналды.

Чолпон-Атада 13-15-апрель күндөрү ат оюндары өттү

Ат оюндарынын ачылышынан кийин көк бөрүнү тандоо туру башталды

Мелдештин максаты — улуттук ат оюндарын сактоо жана жайылтуу

Мелдеш "Этно маданиятты өнүктүрүү, ат индустриясы жана асыл тукум мал өстүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына карата өткөрүлдү

Көк бөрүнүн финалында "№54 жылкы заводу" жана "Ак-Суу" командалары беттешти

Спорттук иш-чарадагы тартипке милиция кызматкерлери көз салып турду

Ат чабышка Кыргызстан менен Казакстандан барган 150гө чукул аргымак катышты

Анда кунан чабыш, тай чабыш, жорго салыш өңдүү ат оюндары боюнча мыктылар аныкталды

1200 метрлик аралыктагы жарыш

Турнирдин байгесине 1,1 миллион сом жана үч Mercedes, эки Subaru, бирден Audi менен Ford коюлду

Эр эңиште биринчи орунду ири салмактагы категория боюнча Маратбек Алтымышев алып, Audi A8 унаасына ээ болду

Атаандашынан жеңилип калган балбан

Кыз куумайдагы көз ирмем: артынан жете келген селки жигитти камчы менен урууда

Кыргыз күрөштө абсолюттук категория боюнча Тилек Куралов мыкты аталып, байегсине Ford Focus берилди