Бишкектик Азамат аттуу жигиттин бир эле унаасы бар. Бирок үйүнө акыркы кездерде бир нече машинага айып кагаздары келе баштады. Көрсө ал бир жыл мурун чет өлкөдөн Кыргызстанга унаа ташып келген пакистандык жарандар менен иштешкен экен. Азаматтын шаарда каттоосу болгондуктан, сырттан алып келген унааны өнөктөштөрү анын өзүнүн же жакындарынын наамына убактылуу каттатышчу.
"Кардарлар көп болсо эки жума өтүп-өтпөй өзүнүн наамына котортуп алышчу. Бирок менин атымда калып калган 3-4 машина бар экен. Болгондо да колдон-колго өтүп кетиптир. Эми айып кагаздары мага келип жатат", — деди ал.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ушундай абалга туш болгон айдоочуларга жардам кылуу максатында автолордун азыркы ээлерин кантип табуу керектигин иликтеп, бул көйгөйдү чечүү жолун сураштырды.
Эми унаанын азыркы ээсин издейли
Айып кагазы сизге келип жаткан унаанын ээсин издөөнүн жол-жобосун Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаров айтып берди.
1-кадам: Сизге келген айып кагаздарын алып, өзүңүз жашаган аймактагы сот органдарына же Бишкек шаардык Кайгуул милициясына барасыз. Мисалы, Кайгуул милициясына кайрылсаңыз, жетекчинин наамына арыз жазасыз;
2-кадам: Эгер сотко кайрылсаңыз, ишти иликтеп көрүп, сот өз чечимин чыгарат. Андан соң аны аткаруу үчүн Кайгуул кызматына жөнөтөт. Ал эми түз эле Кайгуул милициясына кайрылсаңыз, арыз 14 күндүн ичинде каралат.
4-кадам: Издөө иштери башталып, ага канча убакыт кетерин кайгуулчулар так айта албайт. Анткени, ишеним кат алынып салынгандан бери, унаа жаңы колго өткөндө мурдагыдай милдеттүү түрдө Мамкаттоо кызматына катталбай калган. Мурда унааны ал аркылуу 10 күндүн ичинде таап алууга мүмкүн болчу;
5-кадам: Унаанын учурдагы ээси табылган соң, эгер ал сотттун чечими менен изделсе сотко, жарандын арызы менен болсо, жаранга кат аркылуу жооп беребиз. Андан ары сот чечими аткарылат же эки айдоочу маселени өз ара чечишип алат.
Башка бирөөнүн ордуна айып төлөбөш үчүн эмне кылуу керек?
Автоунаасын сатып жаткан жаран эми темир тулпар аныкы эмес экендигин мамлекеттик каттоо кызматынан күбөлөндүрүшү керектигин аталган кызматтын маалымат качысы Мелис Эржигитов билдирди.
"Азыр унаа саткан оңой болуп калбадыбы. Жарандар көчөдөн эле сүйлөшө калып, жакын жердеги нотариус аркылуу сатып жиберет. Көпчүлүгү каттатуудан эринет, бир жагынан төлөмдөрдөн качат. Бирок кийин акыры мунун баарын жасоого туура келет. Ошондуктан унаа сатып жаткан адам техниканы жаңы ээсине толугу менен мыйзамдуу түрдө өткөрүп бергени туура", — деди ал.
Анын айтымында, бул процедурага 20-25 мүнөт убакыт талап кылынат. Төлөм жагын айтсак, сатып алып жаткан киши унаанын жалпы баасынын бир пайызын мамлекетке төлөшү керек.
"Жарандардын арасында атайылап же билбестиктен өз атына катталган унааларды жашырып койгондор болот. Бирок Мамкатоо кызматынын маалыматы келгенде эле кимде канча унаа катталып турганы билинип калат. Бул учурда жаран айып катары ар бир унаага эки миң сомдон төлөөгө милдеттүү", — деди Сазыков.
Бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечүү үчүн бирдиктүү маалымат системасы түзүлүшү зарыл экенин белгилеген Мамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев маселе комплекстүү чечилиши керектигин айтат.
"Мамлекетте бирдиктүү маалымат системасы болмоюн маселени чечүү өтө татаал. Бирок учурда Мамкаттоо кызматында бул боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мисалы, ушул күндөрү даректерди каттоонун аягына чыгайын деп калышты. Бирок ага чейин ар бир жаран өзүнө жоопкерчиликтүү болуп, саткан унаасын каттатып турганы туура", — деди Сапарбаев.
Анын пикиринде ушул эле маселеден дагы бир көйгөй жаралат. Анткени каттоосу башка, жашаган жери башка жарандар дагы аз эмес. Демек, ансыз деле чыныгы айыпкерден адашып жүргөн айып кагазы эми таптакыр эле "ээсин" таппай калган учурлар жаралышы мүмкүн.