БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын "Алай" (Ош) менен "Дордой" (Бишкек) командалары Азия футбол конфедерациясынын кубогунун баштапкы этаптарын жеңилүү менен баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол лигасы билдирди.
Эки беттеш тең шейшемби күнү өткөн.
Биринчилерден болуп Ош шаарында "Алай" менен Түркмөнстандын "Алтын Асыр" командалары беттешкен. Оюн 1:2 эсебинде түркмөнстандык команданын пайдасына чечилген.
Кыргызстандын чемпиону "Алай" менен мурдагы чемпион "Дордой" футбол клубдары бир тайпага туш келди. Алар Тажикстандын жана Түркмөнстандын командалары менен беттешип, бир жолдомо үчүн ат салышат.
4-апрелде Кыргызстандын эки командасы бири-бири менен беттешет. Андан сырткары, Түркмөнстандын "Алтын Асыр" командасы менен Тажикстандын "Истиклол" командалары оюн өткөрөт.