БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун аттандашы дүйнө чемпиондугун коргоо алдында алмашты. Бул боюнча КРдин Тайбокс федерациясы билдирди.
Буга чейинки атаандашы нидерланддык Алейде Лавант жараат алган, мындан улам аны башка спортчу менен алмаштырууга туура келди. Эми Шевченко рингге франциялык Магали Форони (Magali Foroni) менен чыгат. Беттешүү 3-мартта Американын Коннектикут штатында өтмөкчү.
Мурда ал италиялык Паоло Каруччи жана голландиялык Илона Вийманс менен беттешип, экөөнү тең утуп алган.
2016-жылдын ноябрь айында кыргызстандык спортчу Lion Fight Promotions уюму менен келишим түзгөн. Ага ылайык Шевченко ар кандай салмак категорияларында чемпиондук титулдар үчүн тайбокстун ыкмалары менен таймаша алат.
Lion Fight Promotions уюму профессионалдар арасында тайбокс боюнча мелдештерди уюштурат.