Антонина Шевченко чемпиондук титулун сактап калды

© Фото / пресс-служба Федерации тайского бокса в КРКыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү
Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко аталган титулга июль айында эле ээ болгон. Бул спортчунун мелдештеги экинчи ирет жеңиши.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко жеңишке жетип, Lion Fight чемпиондук титулун сактап калды. Бул тууралуу спортчу Instagram баракчасына жарыялады. 

#AndStill!!! @lionfightofficial @tigermuaythai

Фото опубликовано Antonina Shevchenko (@antonina_muaythai) Ноя 18 2016 в 8:54 PST

Июль айында Шевченко Lion Fight муайтайы боюнча таймашсыз эле дүйнө чемпиону аталган: атаандашы Аннабель Гелли допингден улам беттешүүгө чыга алган эмес. Сентябрь айында Lion Fight Promotions муайтай боюнча эл аралык уюм Шевченкону Lion Fight 31 турниринин алкагында чемпиондук титулун коргоого чакырган. Ал италиялык Паоло Капуччи менен беттешип, жеңишке жетишкен.

​Октябрдын башында аталган уюм Шевченко менен голландиялык дүйнө чемпиону Илона Вийманс менен беттешүүсүн уюштурган. 

Беттешүү Коннектикут штатындагы "Фоксвуд" казиносунун аренасында өтүп, калыстар тобу бир добуштан жеңишти Шевченкого ыйгарышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0