Жаш баланы багып, өстүрүүдөгү ырым-жырым, тыюуларды тарыхчы, этнограф Динара Молдокулова тизмектеп, маңызын түшүндүрүп берет.
Баланы башка чаппайт. Башты кор тутсаң, башка чукак болуп каласың. "Башка чукак"— таптакыр балдары жок же кыздары бар, бирок эркек баласы жок адамга карата айтылган сөз.
Наристени киринткен сууну тебелендиге жана караңгыда сыртка төкпөйт. Аны эл баспаган жерге же тамдын бооруна чачып жиберет.
Жаш баланын кийимин түнкүсүн сыртка калтырбайт. Караңгыдан пайдаланып шайтан аралайт деп коет.
Кыз баланы атасы көтөнүнөн өппөйт. Наристе кийин бактысыз, ырыскысы кем болуп калат деген ишеним бар.
Тили чыга элек баланы күзгүгө көрсөтпөйт. Тили чыкпай калат же кеч чыгат деп эсептешкен.
Ооруган баланы эмдетип келе жатып башка үйгө кайрылбайт. Үйгө түз келүү керек. Болбосо балага эм түшпөй калат деген ойдо болушкан.
Төрөлө элек балага алдын-ала эч нерсе камдабайт. Жарык дүйнөгө келе элек наристеге арнап кийим алынбайт, ат издеп койбойт. Анткени төрөлө элек бала адамдын колуна өткөнгө чейин Кудайдын баласы деп эсептелген.
Тили чыга элек наристенин караңгыда атын айтпайт. Аны жөн гана "алдей", "бала" деген сыяктуу сөздөр менен атайт. Болбосо албарсты угуп коет дешкен.
Наристенин таманынан өппөйт. Кежир, жалкоо болуп калат же айылчы болуп өсүп жумшаган жакка эмес, тескери басып калат деген ишеним болгон. Ошондой эле баланы таманынан кытыгылабайт.