Тамак ичүүдөгү салттык тыюуларды тарыхчы, этнограф Динара Молдокулова тизмектеп, алардын маанисин түшүндүрүп берди.
Даяр болгон тамакты күттүрбөйт. Дасторкон жайылып, тамак даяр болуп калганда үй-бүлө мүчөлөрү жасап жаткан бардык ишин таштап, тамактанууга олтурууга тийиш.
Үй ээсинен биринчи тамакты ооз тийбейт. Үй ээсинин даамдан биринчи ооз тийиш кыргыздардын салттык турмушунда катуу кармалган. Бышырылган нанды, тамакты, кымызды үй ээси биринчи ооз тийиш керектелет. Эгерде тамактануу учурунда үй ээси жок болуп калса, жаңы бышкан тамактан ага биринчи куюп коюп, андан соң башкаларга берилген.
Тамактанып жатканда көп сүйлөбөйт. Тамактануу учурунда улуулардан сөз талашпай, тынч отуруп жеш керек. Бул адептүүлүктүн белгиси.
Тамакты чалпаңдатып чайнабайт. Тамак жеп жатканда оозду жаап чайноо керек.
Суюк тамактарды шорулдатып ууртабайт. Эгер ысык тамак болуп калса, аны бир аз муздагыча күтүп, шорулдатпай, үн чыгарбай жеш керек. Айрыкча бул кыз кишилерге тиешелүү.
Бирөөнүн алдындагы тамакка кол сунуп жебейт, өз алдынан гана жеш керек. Булардын баары адамдын маданиятынан, адебинен кабар берет.
Тамакты жатып алып же басып жүрүп жебейт. Тамакты жатып алып жеген адамдын үстүнөн шайтан секирип өтөт деген ишеним болгон.
Тамак ичип бүткөндө сөзсүз түрдө бата кылып туруу керек. Тамактанып бүткөн соң үйдүн улуусу же ээси ошол жеген тамакка бата айтып турушат. Бул да эзелтен калган эреже.