00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
14:08
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт: Россиянын "кара тизмесинен" 43 миң кыргызстандык чыгарылат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мамлекеттик миграция кызматына кыргызстандыктарды "кара тизмеден" чыгаруу маселесинин үстүндө активдүү иш алып баруу тапшырмасын койду.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россиянын "кара тизмесине" кирген 110 миң кыргызстандыктын 43 миңи жакынкы аралыкта аталган тизмеден чыгарылат. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбү күнү Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев менен эмгек мигранттары жөнүндөгү маселелерди талкууга алды.

Мобильное приложение Справочник мигранта - Sputnik Кыргызстан
Чет жерде ишке орношуу: кыргызстандыктар үчүн мобилдик тиркеме чыкты
Айдаралиев Миграция кызматынын ишмердүүлүгү, жакынкы аралыктагы пландары жана ички-тышкы миграциянын абалы жөнүндө өкмөт башчыга маалымат берген.

Жээнбеков өз учурунда эмгек мигранттардын укуктарын коргоо боюнча ишти жөнгө салуу керектигин белгилеген. Ал ошондой эле мекендештерди "кара тизмеден" чыгаруу боюнча аракеттерди мындан ары дагы улантуу тапшырмасын берген.

Ал эми Айдаралиев эмгек мигранттарына шарттарды түзүп берүү максатында, кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү жана мигранттар менен бир катар жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгилеген.

"Бүгүнкү күндө эмгек мигранттары өздөрүнүн укуктары жана миграция жөнүндөгү мыйзамдарды толук билбей жатышканы маселе жаратууда", — деп Миграция кызматынын жетекчиси жолугушуу учурунда билдирген.

Мындай көйгөйлөрдү жоюу максатында ведомство мигранттардын укуктары жөнүндөгү маалымдама китепчесин иштеп чыгууну пландап жатат.

"Учурда Россияда 600 миң, Казакстанда 110 миң кыргызстандык иштеп жүрөт. Ведомство тарабынан чет өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын социалдык абалын жакшыртуу максатында бир катар иштер алып барылууда. Мындан тышкары, ЕАЭБдин алкагында медициналык камсыздандыруу системасы киргизилди. Бул мигранттардын медициналык кызматтарды алуусун жеңилдетет", — деп белгилеген Айдаралиев.

Ал ошондой эле жакынкы аралыкта кыргызстандык 43 миң жаран Россиянын "кара тизмесинен" чыгарыларын айткан.

"Кара тизмеге" кирип калганда андан кантип чыгуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0