БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Норвегиялык өрт өчүрүүчү Instagram баракчасында дүйнөдөгү эң татынакай өрт өчүрүүчү деп табылганын РИА Новости агенттиги The Daily Mail басылмасына таянуу менен билдирди.
30 жаштагы Нартен негизги жумушунан сырткары фитнес менен машыгат. Ал 19 жашында өрт өчүрүүчү болууну чечкен. Сергек жашоо мүнөзү жана командада иштөө ал үчүн абдан маанилүү экенин айтат.
"Мен өрт өчүрүүчү департаментине тапшырганда апам "кызым, сага ушунун кереги бар беле" деп сурады. Мен "ооба" деп жооп бердим", — деди Нартен.
Анын өрт өчүрүүчү экенин уккандар айран таң калышат.
"Өрт өчүрүүчү болуу мен үчүн кадимки эле көрүнүш. Досторум да мени "эркектердей" тамашалайсың деп айтышат. Болгону мен башка кыздарга караганда чыйракмын деп гана эсептейм", — деди ал.
Нартендин Instagram баракчасына 50 миңден ашык киши жазылган.