БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы болуп дайындалганын өкмөттөн кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда, кол койду.
Болсунбек Казаков буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.