Учак кырсыгынан жабыркагандардын аты-жөнү такталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкектин жанында учактын кыйрашынан 31 адам каза болду.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бүгүнкү авиакырсыктын жыйынтыгында жаракат алгандардын аты-жөнү аныкталды. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова билдирди. 

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында Гонконг — Стамбул каттамы боюнча учкан учак "Манас" аэропортуна май куюу үчүн конуп жатып кырсыктап, Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, жыйырмадан ашык үй жабыркаган.

1. Улуттук госпиталь:

  • Бакытбек Олжобаев, 34 жашта, кулак жагы жырылган;

2. Бишкек ортопедия жана травматология борбору:

  • Сагынбек Рахманов, 29 жаш, денеси 45 пайызы күйүп калган; 

3. Бишкектеги балдардын тез жардам клиникалык ооруканасы:

  • Сайкал Жапарова, 13 жаш, мээси чайкалган, маңдайы жырылып кеткен, согончогу сынган;
  • Нурлан кызы Сайкал, 6 жаш, мээси чайкалган;
  • Мирлан кызы Азиза, мээси чайкалган; 
  • Куштарбеков Б., 15 жаш, колу-буту жана далысынын эттери жанчылык калган;
  • Аяна Иманканова, 9 жаш, мээси чайкалган; 
  • Тынай Иманканов, 2 жаш, мээси чайкалган; 
  • Бактыгүл Кубатова, 30 жаш, төш эти ичинен жанчылып калган (Иманкановдордун энеси);

4. Шаардык гинекологиялык оорукана:

  • Адина Айтбекова, 26 жаш, бойдон түшүү коркунучу бар;

5. Сокулук аймактык ооруканасы:

  • Жакшылык Шералиев, 7 жаш.

Учурда каза болгондордун так саны аныкталууда.

Маалыматка караганда саат 12ге чейин ооруканаларга 11 адам жаткырылган.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0