БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортуна жакын жерде учак кулаганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Сокулук районундагы Дача-Суу тилкесинен анча алыс эмес жерде болгон. Учактын түрү жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Аэропорттун маалымат кызматы кырсык болгонун тастыктап, жүк ташуучу учак Стамбулдан Бишкекке келе жатканын билдирди. Аталган учак Turkish Airlines авиакомпаниясына таандык экенин "Манастан" кошумчалашты. Аталган учак Бишкек убактысы боюнча саат 7.25те конушу керек болчу.
ӨКМге кырсык тууралуу билдирүү саат 7.31де келип түшкөн. Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү машина жөнөп кетти.