"Манас" аэропортунун жака белиндеги учак кырсыгына байланыштуу КТРКнын эфиринен бардык көңүл ачуучу көрсөтүүлөр алынды. Бул туурасында аталаган телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул каттамы менен келе жаткан "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясына таандык Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок.
Соңку маалыматтар боюнча кырсыктан каза болгондордун саны 34гө жетти. Мындан тышкары, 23 турак үйдүн жабыркаганы белгилүү болду.