Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова
КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Эл артисти, кыргыз шоу-бизнесининде салмактуу орду бар, атагы жана каткырыгы таш жарган Гүлнур Сатылганова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.
Гүлнур Сатылганова: канчалык гениалдуу болсоң да, адамгерчиликтүү болушуң керек

— Ошентип акыры жолугуштук. Маектешели дегенден бери көп убакыт өтүп кетти. Жайында байланышсам үй-бүлөдө кырсык болуп келе албайм дедиңиз эле. Азыр баары жайында элеби?

— Чыгармачыл адамдардын убактысы ушундай болот экен. Кечкисин той-концерттерде ырдап, күндүзү студияда акындар менен иштешебиз. Анан ар кандай чакыруулар болот. Жайында сиңдим Венера Сатылганованын баласы ооруп, Кытайда жүрдүк. Августта болсо Сокулукта жашаган бир тууган агам баласынын үйлөнүү тоюнда кой куйкалайм деп лампаны иштеткенде ал жарылып кетип денесинин сексен пайызы күйүп калды. Күйүк деген жаман экен. Жандандыруу бөлүмүндө сегиз күн жатты. Чачы менен эле таманы күйгөн жок. Ички органдарынын да иштөөсү начарлады. Мен он бир туугандын жетинчисимин. Бардыгына колдон келген жардамымды берип келем. Көбү Сатылганова жыргап эле ырдап жүрөт деп айтышы мүмкүн. Мына ушундан улам экөөбүз да жолуга албай жүрдүк. 

— Агаңыз жакшы болуп кетсин. Келиңиз, сиздин имиджиңиз тууралуу сүйлөшсөкпү дегем. Акыркы учурда кара түстөгү, европа стилиндеги кийимдерди кийгениңизди байкайм. Бул стилге качантан бери басым жасап жатасыз?

— Мен Зухра Муканбетова, Татьяна Воротникова, Мадина Тапаева, Дилбар Ашымбаева, Динара Руцко, учурда Галина Байко деген дизайнерлер менен иштештим. Көбүнчө мага стилисттер сунуштаган кийимдерди кием. Кээде буйрутма берип да тиктирем. Кара түстөгү кийимдерди кийгенден коркпойм. Өзүм бул өңдү жактырам. Ачык түстүн баары эле жараша бербейт. Моданын аркасынан куубайм. Бирок заманбап кийингенди жакшы көрөм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлнур Сатылганова: көбүнчө мага стилисттер сунуштаган кийимдерди кием. Кээде буйрутма берип да тиктирем. Кара түстөгү кийимдерди кийгенден коркпойм. Өзүм бул өңдү жактырам
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: көбүнчө мага стилисттер сунуштаган кийимдерди кием. Кээде буйрутма берип да тиктирем. Кара түстөгү кийимдерди кийгенден коркпойм. Өзүм бул өңдү жактырам

— Демек, адамдын кийген кийими менен анын ички дүйнөсү тыгыз байланышта дегенге кошулбайсыз?

— Андай болушу мүмкүн эмес. Кара кийимди жараштырып кийсе болот. Ал деле түс. Анын үстүндө жаш кыз эмесмин. Жашыңа карап да кийинип калат экенсиң. 

— Бир кездерде оймо-чийме түшүрүлгөн кийимдерди көп кийчүмүн. Анан элдер да ошол стилге ыктап баштагаганда стилимди өзгөрттүм деп айтканыңыз бар. Мындан улам башкалардан бөтөнчөлүктү издегендейсиз? 

— Туура. Себеби азыр тойлордо, жакшылыктарда элдер биз кайрылган стилисттердин кийимин кийип калышты. Албетте кыз-келиндер кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн улуттук калориттеги кийимдерди кийгени бул жакшы көрүнүш. Бирок сахна адамы менен жөнөкөй адамдын айырмасы болушу керек деп ойлойм.

— Чет мамлекеттерде жылдыздар кийимдерин бренд кылып чыгарышат. Ал гана эмес коңшу Казакстанда да бул көрүнүш жаңылык эмес. Сизде мындай ойду ишке ашыруу барбы?

— Чынын айтсам бул тууралуу ойлоно элекмин. 

— Чачыңызды көп жылдан бери кыска кылып жүрөсүз?

— Мектепте окуп жүргөндө чачым узун эле болчу. Кийин шаарга келгенде кыркып баштадым. Негизи каре стилинде алып жүрөм. Мындан эки жыл мурун кыпкыска кылып да кырккам. Себеби бат-баттан өзгөрүлгөндү жактырам. Окшош нерседен психологиялык жактан тажап кетем. 

— Боёнбогон сүрөттөрүңүздү да көрүп калам. Эл көзүндөгү адамдар үчүн бул чоң маселе деп айтышат?

— Концерттерде катар-катар макияждан тажап, бетимдин терисин эс алдыргым келет. Үйдө жүргөндө боёнбогонго аракет жасайм. Натуралдуу нерсеге жакынмын. Жасалма кирпик чаптап көргөн эмесмин. Жөн эле боеп коем. Өзүм боёнгонду көп жактыра бербейм. Сахна деген ушул нерсени талап кылат экен. Менин боёнгон дагы боёнбогон дагы жүзүмдү таанышат. Тааныбай калгандарга капаланбайм. Жаш өткөн сайын тери деле бузулат экен.

— Бетиңизге желелеп бырыш түшсө ботокс сайдырып көрөт белеңиз?

— Жыйырма отуз жыл мурун мындай нерселер жок болчу. Эгерде бул нерсе керектүү болсо, жасатуудан качпайм. Себеби эл адамы болгондон кийин өзүбүздү карап жүрүшүбүз керек. Адамдар негизи жалкообуз. Денени бир калыпта кармаш үчүн спорт залдарга барып туруу пайдалуу. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлнур Сатылганова: ырчы өз оюн ыр менен айтат экен. Ошондуктан оюмду акындарга түшүндүрүп, чыгарманын үстүндө чогуу иштешебиз
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: ырчы өз оюн ыр менен айтат экен. Ошондуктан оюмду акындарга түшүндүрүп, чыгарманын үстүндө чогуу иштешебиз

— Өзүңүздү дайыма бир калыпта алып жүрөсүз. Сиз да спорт залга баш багасызбы?

— Бир-эки жыл болуп калды. Барып турам. Ортодон калтырып койгон учурларым болот. 

— Чыгармачылык тууралуу суроо бергим келип жатат. Сизди шоу-бизнестин рынок шартын жакшы өздөштүргөн деп айтса болчудай. Анткени айланада, коомчулукта эмне окуялар болуп жатса ошого байланыштуу чыгармаларды жаратасыз. Маселен "Асман" деген ырыңызды өлкөдө негативдүү окуялар болуп кеткенде ырдап, элге да өтүмдүү болгон?

КРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: жаш кызга үйлөнүп алыптыр деп айтып жүрүшөт
— Айланада болуп жаткан нерсе чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык бербейт. Албетте тегеректе жакшы нерсе болуп жатса жакшы ыр ырдагың келет. Ырчы өз оюн ыр менен айтат экен. Ошондуктан оюмду акындарга түшүндүрүп, чыгарманын үстүндө чогуу иштешебиз. Репертуарымдагы көпчүлүк ырлар жашоомдо, жан дүйнөмдө болуп жаткан нерселерди чагылдырат. Апамдын көзү өткөндө "Апакем" деген ыр, Эркин Мээркановдун "Туулган жер", "Асман" болсо өлкөдө баш аламандыктар болуп кеткенде жаралган. Бул терең маанидеги философиялык ыр. 

— Репертуарыңыздагы кайсы ыр өзүңүзгө жакын?

— Ар бир чыгармага жан дилимди коюп, кылдаттык менен мамиле жасап, убакыт бөлүп иштейм. Мен үчүн ар бири кымбат. Ошондуктан чыгармалар балдырыңдай эле болуп калат.

— Үй-бүлөдө деле бир тентек, бир акылдуу, ийгиликтүүсү чыгат да?

— Албетте ата-эне үчүн бардыгы бирдей. Кээ бир ырларымдын жылдызы бат эле жанып кетет. Кээ бирөөсү жүз жолу оңдолуп, кыйынчылык менен чыгат. Бирок жыйынтыгы бирдей эле болот. Негизи жыйынтыкка маани бериш керек. 

— Бир жылдык кирешем канча болду экен деп кызыгып көрдүңүз беле?

— Биздики стабилдүү эмес. Ырчылардын киреше булагы бул — той. Концерттерден деле акча төлөнбөйт же аз өлчөмдө болот. Жеке концерт болгондо тескерисинче демөөрчү издейбиз. Андан түшкөн каражат чыгымды толугу менен жаба албайт. Болбосо концерт берип байып кеткен ырчыны көргөн эмесмин. Казакстан, Россияга болгон чакырууларда, бай компаниялардын корпоративдик кечелеринде жакшы төлөнөт. Тапканыбыз жашоого тиричиликке, кайра ыр жаздырып, клип тарттырганга кетет. Айтор элден алганды элге беребиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлнур Сатылганова: мен чыгармачылыктан башка эч нерсе менен алектенбейм. Чыгармачылыгыма отуз жыл толоюн деп калды. Ушу нерсе менен нан таап келе жатам
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: мен чыгармачылыктан башка эч нерсе менен алектенбейм. Чыгармачылыгыма отуз жыл толоюн деп калды. Ушу нерсе менен нан таап келе жатам

— Жашооңуздун канча бөлүгүн чыгармачылыкка арнадым деп ойлойсуз?

— Мен чыгармачылыктан башка эч нерсе менен алектенбейм. Чыгармачылыгыма отуз жыл толоюн деп калды. Ушу нерсе менен нан таап келе жатам. Адамдын тагдыры ар кандай болот экен. Жолдошум менен үч жыл жашагандан кийин каза болуп калган. Кийин турмуш курган жокмун. Уулумду тарбиялап, өзүмдү бүтүндөй чыгармачылыкка арнадым. 

— Ошентсе деле жаш кезиңизде колуңузду сурагандар болсо керек?

— Эгерде мага татыктуу, чыгармачылыгымды түшүнгөн, сый-урмат көрсөтө билген эркек болсо, албетте башка айымдар сыяктуу турмуш куруп, көп балалуу болгум келчү. Бул ар бир айымдын кыялы деп ойлойм. Ал үчүн татыктуу эркекти жолуктуруш керек. Мен маселен жолуктура алган жокмун. Тагдыр экен. Андай болбосо издеп жөнөбөйсүң да (күлүп). 

— Сыртыңыздан мүнөзүңүз оор, сүрдүү көрүнөсүз. Байкасам ачык, шайыр эле адам экенсиз?

Кайрат Примбердиевдин жубайы Элвира "Голос" долбоорунда эмнеге ыйлаганын айтып берди
— Мени менен жакындан сүйлөшүп, кыялымды билгендер абдан жакшы көрүшөт. Сырттагы адамдар сүрдүү, бой көтөргөн айым деп айтышат экен. Идеалдуу адам болбойт. Менин да кемчиликтерим бар. Бирөө катуу жиниме тийсе мен да ачууланып кетишим мүмкүн. Башкалар мага тийишмейинче, мен да унчукпайм. Адамгерчиликти бийик коём. Канчалык гениалдуу болсоң да адамгерчиликтүү болушуң керек деп ойлойм. 

— Чаянсызбы?

— Ооба жылдыз белгим чаян да (каткырып).

— Мен аларды жакшы билем. Сыртыңыздан ошондой көрүнсөңүз убагында мырзалар деле көп батына албаса керек да? 

— Мүмкүн. Барсам кагып коёбу деп тартынгандар болсо керек. Мен "аялдын чырагы кырк жерден жанат" деген макалды көп айтам. Эгер кудай маңдайга жазса болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлнур Сатылганова: ойлогон ойдү кыстаган турмуш жеңет деп коет. Көп пландар ар кандай жагдайдан улам ишке ашпай калат экен. Мен ырчы болбосом врач болсом, жакшы болмок деп ойлонуп калам
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: ойлогон ойдү кыстаган турмуш жеңет деп коет. Көп пландар ар кандай жагдайдан улам ишке ашпай калат экен. Мен ырчы болбосом врач болсом, жакшы болмок деп ойлонуп калам

— Уулуңуз эр жетип калса керек. Менимче ал чыгармачылыктан алыс окшойт?

— Уулум Арнас кыргыз-түрк лицейин бүтүрүп, азыр Кытайда окуп жатат. Тил жагынан жакшы. Буюрса 21 жашка чыкты. Өзү тартиптүү, ак көңүл бала. Менин апам жылдыз деп чалчактап эркелегенин көргөн жокмун. Гитарада ойноп, ырдап калат. Бийге да катышып жүрдү. Өзү чыгармачылыкка кызыгат. Кааласаң ырчы кылайын десем болбой койгон. Албетте каалоосу күч болсо колдоо бермекмин. Бирок эркек бала туруктуу кесипке ээ болушу керек деп ойлойм. 

— Уулуңуз да чет жакта болсо, жалгыздыгыңыз билинбейби?

Певец и шоумен кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Мерген Турган: жакында кайната болом деп толкунданып жүрөм
— Кээде сезилет. Жанымда дайыма жардамчы кыздарым жүрөт. Туугандарымдын кыздарын көбүн тарбияладым, окуттум, күйөөгө да бердим. Азыр жакшы кызматтарда иштеп жатышат. "Атадан алтоо болсоң да бир жалгыздык башта бар" деген макал бар. Он балаң болсо деле ар кимиси өз жашоосу менен кетет экен. Адам жалгыз болбошу үчүн жакшы көргөн адамдарың, досторуң болушу керек деп ойлойм. 

— Жалгыздыктын деле пайдасы бар. Адам жалгыз болгондо жоопкерчиликти, милдетти, максатты өз алдынча ишке ашырып, күчтүү болот деп ойлойм?

— Туура айтасыз, бул жагы да бар. Чыгармачыл адам кээде жалгыз болгондо жакшы ойлор пайда болот. Бирөөгө ишенбей жоопкерчиликти өзүң көтөрө билесиң. Кошулам. 

— Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Ойлогон ойдү кыстаган турмуш жеңет деп коет. Көп пландар ар кандай жагдайдан улам ишке ашпай калат экен. Мен ырчы болбосом врач болсом, жакшы болмок деп ойлонуп калам. Учурда жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатабыз. Кошумча бизнеске да кызыгам. Бирок ошол нерсеге талантым жок экен. Анча-мынча тыйын тыпыр түшүп турса дегем. Төмөндө он бир туугандын жетинчисимин деп айтып кеттим. Аларды бүгүнкү күнгө чейин моюнума көтөрүп, колдоо көрсөтөм. Буюрса бул планымды ишке ашырам.

Жаңылыктар түрмөгү
0