Жубайлар менен журналист Гүлдана Талантбекова таанышкандагы кызыктуу окуялары жана алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштү. Анан албетте Назбек мырзанын комузу колунда кезде күү черттирип калдык.
Эки талантты сыртта күтүп отургам. Күн ысыкта маанай деле жок болчу. Алыстан эле жаркырап, жүздөрүнөн нур төгүлө жылмайган түгөйлөрдү көргөндө бери жактагы киши деле ачыла түшөт экен.
— Силер дайыма күлүп жүргөнгө аракет жасайсыңарбы? Кечелерден, сүрөттөрдөн дайыма жылмаюуңарды көрүүгө болот?
Нурайым: Чыгармачыл адамдар шайыр болот эмеспи. Сахнанын артында тамашалашып, бири-бирибизге ат коюп калабыз. Өзүбүздүн деле мүнөзүбүз шайыр. Жөн жүрбөйбүз да.
Назбек: Чыгармачыл адамга үңүрөйгөн жарашпайт. Мүнөзү ачык болгону жакшы.
— Өткөндө маекке чакырганда экөөңүздөр тең тамакка ууландык деп келбей калгансыңар. Убакттын тардыгынан шам-шум эткенге араң жетишсеңиздер керек?
— Дароо башкы темага өтөлүчү. Баш кошконуңуздарга канча убакыт болду?
Назбек: — 19-августта ата-энем болуп Нурайканы кыргыздын салты менен алып кеткенбиз. Ошондон бери бактылуу үй-бүлө болуп жашап жатабыз. Нурайым экөөбүз беш жыл мурун Кыргыз улуттук консерваториясында окуп жүргөндө тааныш болчубуз.
Нурайым: — Мурун атам экөөбүз Назбекти концерттерге, кечелерге катышып жүргөнүн көрүп, талантына баа берчүбүз. Назбек аябай жаш көрүнгөндүктөн мектепте окуган бала болуш керек деп ойлочумун. Бир күнү консерваторияда жүрсөм бул дагы жүрөт. Анан таң калып койгом. Кийин студенттер чогулганда Назбек "скрипка менен комузду айкалыштырып бир чыгарма кылбайлыбы" деп айтып калды. Азыркы дуэтти ошондо эле сунуш кылган. Мен анда Назбектин жашын билип алып "ии, сени мектепте окуган бала экен деп ойлосом, көрсө чоң эле жигит турбайсыңбы" дегеним эсимде. Анын кичипейил, боорукер, өзүн жакшы алып жүрүүсүн жактыргам. Ошентип чыгармачылык менен жүрдүк, чет өлкөлөргө да чыктык. Акыры музыкада обондорду жаратабыз деп биз бири-бирибизди таптык. Жөн эле эки талант эмес, бизди сезимдер да табыштырды.
— Назбек мырза сунушуңузду Нурайымдын атасы кандай кабыл алды?
— Кыргыз элине белгилүү, залкар адам Курмангазы Азыкбаевдин кызын алып отурам. Мен үчүн чыгармачыл адам менен баш кошуу жеңил болду. Нурайка менен сүйлөшсөм атасы кандай көз карашта болот деп, албетте, ойлончумун. Кыз кишинин атасы кантсе да сүрдүү болот эмеспи. Тартынып жүрдүм. Көрсө, ал абдан ачык киши экен. Мени өз баласындай кабыл алды.
— Нурайымдын макулдугун алуу оңой эле болдубу?
Назбек: — Жакканга аракет жасадык. Нурайым мен сыйлаган адамдардын бири эле.
Нурайым: — Азыр эмнең болуп калдым? (Үчөөбүз тең күлдүк)
— Менимче жаш курагыңыздарда айырмачылык бар окшойт…
Нурайым: — Бирок Назбектин ой жүгүртүүсү, жашоого болгон көз карашы бийик. Мага тескерисинче, бул нерсени жасасак туура болот деп кеңешин айтып турат. Мындан улам үй-бүлөдө аялга караганда эркек көбүрөөк нерсе билгени туура экен деп ойлоп калдым.
— Нурайым, кызыңыз Арууке чоңоюп калса керек?
— Арууке бала бакчага барат. Кадимкидей Назбекке көндү. Азыр кызым атасын көргөндө мени карабай калат. Кудайга шүгүр, эне катары жүрөгүм тынч. Сүйүктүү жармын, энемин. Негизи жаман менен жакшы бир тең жүрөт экен. Оор күндөн кийин жакшы күндөр башталарын биле жүрүш керек. Бактылуумун. Себеби көз алдыңда ата-энең, түшүнүп колдогон жолдошуң менен балаң бар. Дагы бир бакыт адам өз сүйгөн кесиби менен иштеши керек экен. Маңдай тер, таман акы менен жан багып жатабыз. Биз экөөбүз тең бактылуубуз.
— Аруукени чыгармачылыкка аралаштырайын деген оюңуз барбы?
Назбек: — Албетте. Эмитеден эле музыканы угуу жөндөмү күчтүү. Биз машине менен бала-бакчага жеткирип баратканда музыка угуп барат. Экинчи жолу ошол эле музыканы укканда сөздөрдү кошуп, тондон чыкпай ырдаганда Нурайым экөөбүз карашып калабыз. Сүрөттү да мыкты тартат. Фантазиясы күчтүү. Кудайым буюрса, келечеги али алдыда.
— Эми чыгармачылык тууралуу сүйлөшсөк. Нурайым, сиз азыр деле өкмөткө караштуу оркестрде эмгектенип жатасызбы?
— "Агым" деп өкмөткө караштуу президенттик чакан оркестр ачканбыз. Ал жакта бир адам бир нече аспапта ойнойт. Көбүнчөсү жаштар. Башка мамлекеттин президенттери, премьер-министрлери келгенде коюлуучу чакан концерттердин программалары менин мойнумда. Мен ал жактан да тажрыйба топтоп жатам деп ойлойм. Ачык айтканда кийинки пенсия алуумду да ойлогом. Тойлорго, бийик деңгээлдеги концерттерге да барып калабыз. Көбү ушинтип тойлордо ойнойсуңар дешет. Мен кыргыз эли тойго бай болуп келген, анын үстүндө жакшылыктын үстүндө жүрөбүз деп айткым келет. Эч кандай тартынуунун кереги жок деп ойлойм.
— Тойлордо эстрада жанрындагы шаңдуу ырлар көп кетет. Силерге талап кандай?
— Чындыгында билим алган музыкант тойдун ырын ырдаганда кыйналат. Бирок той деген той. Табит ар кандай. Кээ бирөө классиканы, айрымдар эстраданы же бийлей турган ырды сурайт. Той деп эле өзүңдү өзгөртүш туура эмес. Көкүрөктөгү нерсе коё бербейт. Ар бир эле ырчынын угарманы бар. Ошол сыяктуу мени да сүйгөн угармандарым чакырат.
— Нурайым, Сиз скрипка черткенден сырткары мыкты ырдайсыз. Бирок эмнегедир ыр жаздырып, байма-бай клип тарттыра бербейсиз?
Назбек: — Азыр, тескерисинче, каякка барып келгениңди жарыя кылып турсаң, элге жетет экен. Агайдын чыгармачылык — бул согуш деген жакшы сөзү бар. Башкалардан өзгөчөлөнүп, талыкпай эмгектенсең алдыга озуп кете алат экенсиң.
— Түшүнүктүү. Назбек мырза, сиз ырчылыкка кандайсыз?
— Менин андай чымыным жок. Чоң атам комузчу болгондуктан, мен анын жолун жолдодум. Ырчылык өнөргө кызыгам. Бирок үнүм жок. Аспаптардан казак улутунун домбрасында ойнойм. Чоң атам — казак, чоң апам — кыргыз. Өзүбүздү кыргызбыз деп эсептейм. Андан тышкары, кыргыз аспаптарынан ооз комуздун түрлөрүн үйрөнүп жатам.
— Нурайым, сиздин үй-бүлөдө көбүнчөcү чыгармачыл адамдар. Чыгармачылыктан сырткары башка кесип менен алектенгендер барбы?
Нурайым: Буюрса, иним Нурсултан бир гана чыгармачылык менен кетет. Улуу байкемдин экинчи кесиби — программист, мен психологияга тапшырып бүтпөй калдым. Азыр ойлосом бир туугандарымдын баары эле чыгармачыл адамдар экен. Кайын-журтум да чыгармачылыкка жакын.
Назбек: — Менин чоң атам Орозобек Кенчинбаев комузчу болсо, чоң энем бийчи, аспапчы болгон. Атам устачылыкка кызыгат. Апам болсо эл алдына ырдап чыкпаса дагы той-топурларда жакшы ырдайт. Эжем менен иним комузчу.
— Алдыда кандай ой-максат, пландарыңыздар бар?
Назбек: — Комуз менен скрипканы кошуп чыгарма жаратсак деген оюбуз бар болчу. Мына ошол нерсенин үстүндө көпкө иштедик. Эл да жакшы кабыл алды. Буюрса мындан ары да талыкпай эмгектенели деген максат менен жүрөбүз.
Нурайым: — Менин мезгилим келе турган убакыт болот деп көп айтам. Назбек менин чыгармачылыгыма экинчи дем берди. Жаңы образдар, ичимде катылып жүргөн ойлорум эми жанданып, кабыл боло баштады.
— Маегиңиздерге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
— Сиздердин жалпы жамаатка чоң рахмат. Жаңы кеңсеге алгачкы конок болуп келгенибизге кубанычтабыз.