Кайрат Примбердиев: жубайым кыргыз эстрадасын багындырам деп турат

© Sputnik / Табылды КадырбековАчык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү
Ачык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жигит отуздан кийин өрт алып Россиянын сахнасында ийгиликтерди багындырып, бир гана Кыргызстанда эмес КМШга таанылып келе жатат. Эми анын максаты — профессионалдуулугун арттырып, дүйнөлүк деңгээлге чыгуу.

Ачык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиев журналист Гүлдана Талантбековага чыгармачылык жолу жана алдыдагы пландары туурасында айтып берди.

— Мындан он жыл мурун болсо керек. Улуттук хит-парадга "Сагынганда" деген ырыңыз менен чыгып, элге тааныла баштагансыз. Бул ырды эмдигиче сүйүп угушат экен. Чыгармачылыктагы өсүү дооруңуз тууралуу кеп кылсак?

"Главная сцена" конкурсунун финалисти Кайрат Примбердиев наристесин ырдоого үйрөтүп жатат
— 2006-жылы Таластан Бишкекке келдим. Ырчы Султан Садыралиев менин классташым болот. Ал "Кудача кыз" деген ыры менен жаңы чыгып келе жаткан. Султан продюсерим Динара Эсенгулова менен тааныштырды. Эже "ырдап көрчү" дегенинен уялып көзүмдү жумуп алып ырдап бергем. Динара эже өзүң ыр жаздырышың керек деп калды. Анан үч-төрттү ырдаганымда "Сагынганда" деген ырды жактырды. Ошентип түштүк жергесине гастролго барып, ырларымды радиого таштап кеткенбиз. Султандын концерти болсо керек, алып баруучу "сахнада Кайрат Примбердиев" десе эч ким тааныган жок. Анан ырым башталганда эл уу-дуу болуп кол чаап башташты. Мен үчүн сахна жарылып кеткендей эле болду. Көрсө, өзүмдөн мурун ырым таанылыптыр. Ошондон кийин ырларды жаздырып, чыгармачылыкка аралашып кеттим. 
© SputnikАчык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиев
Кыргызский исполнитель Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Ачык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиев

— Ал ортодо Казакстанда да иштеп жүрдүңүз окшойт?

— Продюсерим менен түзүлгөн келишим бүткөндөн кийин уланткан жокмун. Бул жактагы кафе-ресторандарда иштеп жүрдүм. Спортчу сыяктуу күндө үнүмдү тарбиялып, машыгып турушум керек болду. Анан үйлөнүп, аз убакыттын ичинде эле ажырашып кеттик. Ортодо бир балабыз бар. Казакстанга болсо 2011-жылы барып, кафе-ресторандарда иштеп жүрдүм.

— Ал убакта кафе-ресторандарга ырчыларды туруктуу кызматка алуу түшүнүгү бар эмес беле. Азыр ырчылар той-кечелерде ырдап коюп эле кетип калышат да?

— Сиз айткандай тойго ырчыны чакыруу деген жок болчу. Жылдыздар дагы жакшылыктарда кызмат кылгандан тартынышчу. Тойдун өзүнүн ырчылары бар эле. Негизи ырчынын киреше булагы концерт берип, альбомдорун сатуу болушу керек. Азыр концерт берсең чыгымдар акталбай калат. Бул мезгил ушундай болуп жатат окшойт. Болбосо бардыгынын эле концертке барууга мүмкүнчүлүгү бар. Ырчыларды дагы күнөө бардай сезилет. Концерт бергенде изденүү, сахнанын жасалгасы, элди кызыктыруу дегендер жок болуп жатат. Бизде он жыл мурун жазылган фонограмма менен ырдап чыккандар бар. Мында концертке барып ырчынын жаңы костюмун эле көрүүгө мүмкүн. 

© Фото / из архива Елены ВаенгиКайрат Примбердиев россиялык ырчы Елена Ваенганын концертинде
Певец Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев россиялык ырчы Елена Ваенганын концертинде

— Коңшу мамлекеттерде дагы ушундай көрүнүш экен. Тактап айтканда той-топурларда ырчылардын кызмат кылуусу жаңылык эмес. Болгону ушундай кырдаал түзүлүп калды десек болчудай. Дагы кандай тенденцияга багыт алаарыбызды убакыт көрсөтөөр…

— Чындыгында эл — демөөрчү. Конкурстарга бараарда демөөрчүң ким деп сурашат. Эң башкы демөөрчү эл деп айтам. Шатыраган кагаз толтуруп жардам сурабай ушундай той-кечелерде кызмат кылсаң жол киренин акчасы чыгып калат. Бирок бул убактылуу нерсе. Биз эмне болгон күндө дагы концерттик деңгээлде болушубуз керек.

— Казакстандан кайтып келүүңүзгө эмне себеп болду? Конкурстарга катышуубу же үй-бүлөлүк шартка байланыштуубу?

Кайрат Примбердиевдин жубайы Элвира "Голос" долбоорунда эмнеге ыйлаганын айтып берди
— Мен Казаксатандын Актау деген шаарында болдум. Ал жер Каспий деңизинин жанында болгондуктан аба нымдуу болуп турат. Дем алуу оор. Астмам дагы бар эле. Мага андай жер болбойт экен. Кыргызстанда болсо адам үчүн жашай турчу шарттардын баары түзүлгөн. Анын үстүндө элимдин аурасы жетишсиз болду. Маселен, Алматыда кыргыздар десе үстүртөн мамиле кылышат. Ал эми Актау, Атырау деген жерлеринде боордоштор меймандостугун көрсөтүп, баурум деп турушат. Андыктан Актау элине капачылыгым жок. Азыркы жубайым Элвира экөөбүз ошол жактан таанышып, бул жакка келип баш кошконбуз. Келип чыгармачылыкка аралаша баштадым. Бирок бир-эки жылым текке кеткендей болду. Аракет кылдым, майнап чыкпады. "Мейкин азия", "Türk Vizyon" сынактарына катышып, жолум болгон жок. Андан кийин "Поезддеги махабат" ырым эл оозуна алынып, Кайрат Примбердиев деп кайрадан таанып башташты. Бир кездери унутулуп деле калгам. Cынактардагы ийгиликтерим жемиштүү боло баштады.

— Астма өнөкөтүңүздөн зыян тартпайсызбы?

— Акыркы жылдары терс таасирин тийгизип баштады. Аллергиядан башталып ал бронхитке анан астмага өттү. Буюрса, дарылайбыз. Сахнага чыгаарда алдын алып, коргонгонго аракет жасайм. Спрей, дарыларды сала жүрөм. 

© из архива Елены ВаенгиКайрат Примбердиевди россиялык ырчы Елена Ваенга жеке концертине чакырган
Певец Кайрат Примбердиев выступает не сцене с Еленой Ваенгой - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиевди россиялык ырчы Елена Ваенга жеке концертине чакырган

— Россиянын сахнасында жүрүп калдыңыз. Алардан биз эмнени үйрөнүшүбүз керек экен?

Адамдардын жүзүн өзгөрткөн жылмаюу
— Сахнага коюлган музыкалык техника тууралуу кеп кылбай эле коелу. Ал жакта баары заманбап орнотулуп, жаңы аппаратуралар толугу менен бар. Буюрса, биз дагы аларга жетебиз. Алардан үйрөнө турчу нерсе бул — жоопкерчилик. Айтылган убакытта келип он мүнөттүн ичинде ырыңды ырдап кетип каласың. Бизде адатта концерт бир саат кечиктирилип берилет эмеспи. Бирок көчмөндөр оюнунда музыкалык бөлүгүндө таң калдым. Кыргызстанда мындай биринчи жолу болду окшойт. Эң көп дегенде программалар бир жарым мүнөт эле кечиктирилди.

— Россиядагы конкурстарда сахна аркасында атаандашуу кандай болду?

— Биринчи турда баарыбызда сырттан карап атаандашуу болуп жатты. Экинчи турда кадимкидей дос болуп калыптырбыз. Анткени биринчи турда ырларыбыз эфирге, интернетке чыгып талантттарга баа берип, жылуу сөздөр менен колдоо көрсөтүлүп жатты. Мен конкурсанттардын арасында эмес, чоң ырчылардын тирешүүсүн байкадым. Мисалы, Григорий Лепс Полина Гагарина менен Дима Биланды жактырбай, сөз менен шылдыңдап жатты. Атаандашуу адамдык нерсе деп айтаар элем. Ал улутка карабайт. Элдин сүйүүсүндө арзуу оңой эмес. Анан ошол сүйүүнү сенден башкалар тартып алып жатса, албетте жагымсыз. Бизнесте эң башкысы акча болсо, ал эми чыгармачылыкта элдин көңүл буруусу, арзуусу маанилүү. Эгер элдин көңүл борборунда болбой жатсаң, демек, жакшы иштебей жатасың деп ойлойм.

— Маселен, Түштүк Кореялык ырчы PSY айда-жылда бир дүйнөнү дүңгүрөтүп, бийлебеген адамды бийлеткен ыр чыгарат. Биздин элдин талабы кандай? Алардын эсинде болуш үчүн байма-бай ырларды жаздырган оңбу же PSYга окшоп каражаттын баарын бир ырга жумшаш керекпи?

— Сиз айткан эки ой тең туура. Тынбайт десе коёнго окшош ырларды жаздырунун кереги жок. Бир жылда эки сапаттуу ыр болушу керек деп ойлойм. Орусияда болсо 80-жылдагы музыкаларды азыркыга чейин сүйүп угушат. Биздин эл башкаларга салыштырмалуу жаңылык күтөт. Жолуккан жерден "эмне жок болуп кеттиң, жаңы ырлар качан чыгат" деп сурап турушат. Бул деле ырчыларга стимул берет.

— Ырларыңызды сүйүп уккан учурларыңыз болобу?

— Көп деле уга бербейм. Ырларыма сын менен карайм. Өзүмдү ашыкча сүйө берсем болбой калат го. Анда жомоктогудай "оо, кудай, мен эмне мынча сулуумун" деп калабыз да (күлүп).

— Сиздин жубайыңыз дагы жакшы ырдаарын айтып келесиз. Качан эми чыгармачылыкка аралаштырасыз?

— Мына аз калды. Жакында шаңдуу темптеги "Жашоо керемет" деген чыгарманы ырдап чыгабыз. Азыр аранжировкасын күтүп жатабыз. Клиптин айрым кадрларын Алматыдан жана Россиядан тартабыз. Алматыдагы бир клипмейкер бала "Сен деги кандай немесиң" деген ырымды жакшы көрүп калып, ырдап жүрөт. Ырыңыз менин тарыхыма окшош экен, беш жыл сүйлөшкөн кызым менен жакында таарынышып кеткенбиз деп окуясын айтып берип, бизге келсеңиз клип тартып берем деген. 

— Жубай катары эмес профессионалдуу ырчы катары аялыңыздын талантына кандай баа бересиз?

КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Прима-балерина Айдарова: көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрөт деп ойлошот
— Азыркы эстрада ырчыларынын үнүнө караганда бир топ эле жогору. Анткени он жыл бою кафеде ырдаган. Аныкы машыгып калган үн. Кудай буюрса, өзгөчөлөнө алат. Нурзат Токтосунова турмушка чыкканда алты ырчы кыз жар-жар айтышты. Неля, Нена, Анжелика, Юлия Руцкая, Гүлнур Асанова анан келинчегим Элвира. Ыр жазылгандан кийин телефондон уксам, чындыганда алты үндүн ичинен дароо айырмаланат экен. Мен муну жубайыма тарткандык кылып айткан жокмун. Мактаганды өзүм дагы жаман көрөм. Эгерде жубайымдын каалоосу күч болуп, бирок жөндөмү жок болсо "кой, айланайын, балдарды карап үйдө эле отур" демекмин. Ушу кезге чейин деле бирөөбүз эле ырдайлы деп кармап келдим. Буюрса, кыргыз эстрадасынын кырларын багындырат.

— Кандай ой-максаттарыңыз бар. Бир кезде белгилүү ырчы болсом деп тилек кылсаңыз керек. Азырчы?

— Азыр деле атактуу болсом деген кыял күчүндө. Бизде кыргызда кыялданганда дагы өзүбүздү чектей беребиз. Чоң нерсени кааласаң жок дегенде ошонун четин алып каласың. Кудай күч кубат берсе дүйнөлүк деңгээлге чыгып, ааламга таанылгым келет. Биз азыр батыштын ырларын угуп, ырчыларынын туулган күндөрүнөн бери билебиз. Биз дагы ошого жетсек дейм. Буюрса, КМШга таанылам деген максатым ишке ашып отурат. Азыр социалдык тармакта отурсаң Азербайжан, Дагестан, Монголия, Казакстандан "мен сени сынактан көргөм, азамат" деп жылуу сөздөрүн жазып турушат.

— Дүйнөлүк масштаб чоң нерселерди талап кылат эмеспи. Ырдоо стилин өзгөртүү планыңыз жокпу? Маселен, сиздин үнгө рок-н-ролл эмнеге жарашпасын?

— Албетте, планымда бар. Кырдаалга жараша болуп калат экен. Маселен, КМШ жергесинде романс же эстрадалык жанрды жактырышат. Азырынча рок-н-роллду Америкадай кабыл ала алышпайт. Буюрса, баары алдыда. 

© SputnikКайрат Примбердиев: эскперименттерди жасагандан коркпойм. Кээде коркоктукту жеңиш үчүн "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн аттап өтүшүң керек. Бул нерсе чоң конкурстарда өтө маанилүү
Кыргызский исполнитель Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев: эскперименттерди жасагандан коркпойм. Кээде коркоктукту жеңиш үчүн "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн аттап өтүшүң керек. Бул нерсе чоң конкурстарда өтө маанилүү

— Эбактан бери чачыңызды карап, кызыгып жатам. Бир кездери узун кылып өстүрүп, тармалдатып да жүрбөдүңүз беле?

КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун
— Актауда жүргөндө чачымды ошентип жасаткам. Эл аябай таңгалган. Эскперименттерди жасагандан коркпойм. Кээде коркоктукту жеңиш үчүн "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн аттап өтүшүң керек. Бул нерсе чоң конкурстарда өтө маанилүү. Сахнада коркконуң байкалса калыстар психологиялык атака менен жеп коюшат. Азыр бийге дагы барып жатам. Өзүмдү чектеп, бир алкакка киргизип салууну каалабайм. 

— Жашоодо өзүңүзгө карата кандай талап, девиздериңиз бар?

— Талаптар көп. Жалкоо элем, азыр жумуштун көптүгү жеңип жатат. Ар дайым кагаз бетине жазган деле девизим жок экен. Бирок ичимдеги нерсени топтоп туруп айтканда "алга" деп жүрөт экенмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0