Акыркы учурда Кыргызстанда таксисттерге байланышкан ызы-чуу окуялар көп каттала баштады. Ал арада эл өкүлдөрү такси кызматында иштегендердин көбү соттологондор экенин айтып, аларга көзөмөлдү күчөтүү маселесин көтөрүп чыгышты.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Кыргызстандагы такси жаатындагы абалга кеңири токтолуп көрүүнү чечти.
Таксисттерге коюлган талаптар
Көпчүлүк такси фирмалары айдоочуларды кабыл алаарда алардын айдоо тажрыйбасына жана унаасынын абалына карашат.
- Айдоочунун айдоо тажрыйбасы үч жылдан кем болбошу зарыл;
- Шаардагы коомдук-административдик жана социалдык жайлардын даректерин, көчөлөрдүн аттарын так билүү кажет;
- Унаанын техникалык абалы жакшы жана чыккан жылы 1995-жылдан берки болушу керек;
- Мамлекеттик патенттин негизинде катталуусу шарт.
Namba такси фирмасынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Ислам Алтымышевдин айтымында, көпчүлүк учурда такси кызматында иштөөгө пенсияга чыккан адамдар, мурунку айдоочулар жана сабактан сырткары окуган унаасы бар студенттер кайрылат.
"Бизде айдоочулардын 30-35 пайызы — пенсияга чыккан адамдар. Эң улуу айдоочубуз 65 жашта. Мындан сырткары, он чакты аял айдоочубуз бар", — деди Алтымышев.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү") жана 234-беренеси ("Бейбашчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. Айдоочу кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова акыркы учурда таксисттерге байланыштуу чуулар көп болуп жатканын айтып, алардын көбү соттолгондор экенин жар салды.
"Таксинин айдоочусу өткөндө эле кыздарды сабап салып чуу чыкты. Кийин милиция кызматкерлери менен чатакташып кетишти. Мурун таксисттерди текшерип туруп, анан каттамга чыгарчу. Биз тактап көрсөк такси айдагандардын көбү мурда соттолгон адамдар экен", — деди Мусабекова.
Ал жаңы конуштарда жашагандарга таксиге түшүү кооптуу болуп жаткандыгын айтып, аларга лицензия берип жаткандарды катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалаган.
Бирок буга карабай эптеп нан таап жеп, үй-бүлө багайын деген жеке таксисттер да толтура. Алардын бири Султан Алымбеков 1996-жылдан бери өз алдынча жеке таксист болуп иштейт. Ал өлкөдө жумуш жоктугунан, айлыктын аздыгынан көпчүлүк эркектер таксист болуп иштей турганын, такси фирмаларына кирүү да оңой эместигин белгиледи.
Жеке таксисттер эч кандай лицензиясы жок, эч бир патент албай эле иштешет.
"Жеке унааң болсо таксист болуш кыйын эмес, телефондо карта деген бар, лицензия, патент алам менен ишиң жок. Майга кеткен акчадан калганы чөнтөгүңдө калат. Каалаган убагыңда чыгып иштей бересиң", — Алымбеков.
Такси фирмалары мамлекеттик салык кызматына акча төлөп, патент алып турушат, бирок жылдык суммасы так маалымат катары ачыкка чыкпайт экен.
Баары бир такси чакырткандар көп
Улуттук статистикалык комитет январь-октябрь айларына карата жыйынтык чыгарып, анда Кыргызстанда такси кызматын колдонгондор көбөйгөнү тууралуу жазылган. Маалыматка ылайык, бир жылда кардарлардын саны 2 миллионго көбөйүп, жалпысынан 22,2 миллионду түздү.
Быйылкы жылдагы таксисттерге байланышкан урунттуу окуялар
1. Сузак районунда таксист 26 жаштагы аялды өлтүрүп, талаага таштап кеткен.
2. Бишкектин жаңы конуштарынын биринде 19 жаштагы жаран таксистти отвертка менен моюнга сайып өлтүрдү.
3. Баласынын көзүнчө энесин зордуктады делген таксист окуясы көпчүлүктүн үшүн алды.
4. Укпай жана сүйлөй албаган Адилет эл оозуна алынган таксистке айланды.
5. Таксист Бишкектик тургундун өмүрүн сактап калды.