Сузак: арак аралашкан кылмыш. Талаада кыйылган аялдын өмүрү жана актанган таксист

Жазылуу
Сузак районунда 26 жаштагы аялды өлтүрүп, талаага таштаган таксист кармалып сурак берүүдө. Кылмышка шектүүнүн айтымында, такси чакырткан аял мас абалында болуп, унаанын ичинен экөө бирге спирт ичимдигин ичип, жыныстык катнашка барган. Мас болуп калган экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, 27 жаштагы таксист аялды сабап, ээн талаага таштап кеткен.

27-ноябрь күнү Сузак районунун Курманбек айыл округунда 26 жаштагы аялдын кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылган

Бул кылмышка жергиликтүү таксисттин катыштыгы бар экендиги аныкталып, окуядан бир күн өтпөй түнкү саат 04:00дө Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунун тургуну 27 жаштагы И.А. кармалган. 

Кармалган жарандын айтуусунда ал Жалал-Абад шаарындагы такси тейлөө кызматында таксист болуп иштейт.

"Абад" такси тейлөө кызматында иштейм. Мен аны ал жерге таштап кетээрде жакшы эле сүйлөп, дем алып жаткан. Анан бирөө көрсө Тез жардам чакырат го деген ой менен шаардан алысыраак жерге алып барып таштагам", — деди кылмышка шектүү адам.

Таксистти өлтүрдү деп шектелген жаран окуя кандай болгонун айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Таксистти өлтүрдү деп шектелген жаран окуя кандай болгонун айтып берди
Шектүүнүн буга чейин берген маалыматында 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү мас абалындагы кыз "Спутник" шаарчасына жеткирип коюусун суранган. Унаадан экөө сүйлөшө кетип, кыздын сумкасындагы аракты бирге ичишип экөө мас абалында жыныстык катнашка барып, бир аз убакыттан кийин кыз атайылап жаңжал чыгарган. 

"Ал чатак чыгарып, кыйкыра баштаганда бетке бир урсам, жыгылып кетти. Бир нече жолу башка тепкилегенде башы жарылган. Ошентип эс учун жоготкон соң, унаанын артына салып, кылмышты жашыруу үчүн сөөктү шаардын чет тарабындагы ээн талаага алып барып таштап, качып кеткем",—деп кылмышка шектелүүчү көрсөтмө берген.

Милиция кызматкерлери кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

"Биз жансыз денени тапканыбызда чөнтөгүнөн телефону чыкты. Ошол телефон аркылуу акыркы жолу ким менен сүйлөшкөнүн аныктап анан кылмышкерди таптык. Ал "Абад" деген таксиде иштеген бала экен. "Абад" такси тейлөө кызматы боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө", — деди Сузак РИИБдин башчысынын орун басары Кубанычбек Сарабаев. 

Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, окуя боюнча КРдин Кылмыш, жаза кодексинин 97-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0