https://sputnik.kg/20260531/1101616474.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан "Бишкек Арена" көп функционалдуу спорт комплексине пландан тышкары барып, курулуш иштерин көрдү. Бул тууралуу "Ынтымак... 31.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-31T11:00+0600
2026-05-31T11:00+0600
2026-05-31T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1f/1101616308_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a60914837778c257906a09c89c6e5cd2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан "Бишкек Арена" көп функционалдуу спорт комплексине пландан тышкары барып, курулуш иштерин көрдү. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Мамлекет башчысына стадиондун курулушу графикке ылайык жүрүп жатканы маалымдалып, учурда курулуш-монтаждоо, жасалгалоо жана инженердик иштер аткарылып жатканы айтылды. Президент стадиондун ички бөлмөлөрүн, унаа токтотуучу жайды жана коммерциялык объектилердин курулушун көрүп чыкты. Жапаров долбоордун сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле комплекс толук кандуу иштеши үчүн анын аймагына соода жана тейлөө объектилерин жайгаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" FIFA жана AFC стандарттарына ылайык курулуп жаткандыктан, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Кыргызстан Россия менен кызматташууну АКШ менен болгон мамиледен жогору коет. Бул тууралуу РИА Новостиге Америкадагы элчи Эдил Байсалов билдирди. "Биздин ортодогу ишеним, түз кызматташуубуз, жетекчилер менен байланыш жогорку деңгээлде. Россия — биздин эң жакынкы өнөтөшүбүз. Мындан күмөн жок", — деди дипломат. Өткөн жумада Байсалов АКШ президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырган. Дипломаттын айтымында, Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстандын Батыш жарым шарындагы өлкөлөрдө жайгашкан жалгыз элчилиги болуп саналат.
Окуучулар менен студенттерди баңгизатка милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда бул демилге өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңгизат колдонгондор көбөйүп жаткандыктан көтөрүлгөнү белгиленди. Долбоорго ылайык, 9-11-класстын окуучулары окуу жылында үч жолу баңгизат жана психотроптук затка анализ тапшырууга тийиш болот. Ал эми жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери окууга тиешелүү маалымкаттарды көрсөтүшү керек. Депутаттар Улан Сариев менен Максат Алымбеков бул системаны 1-сентябрдан тартып этап-этабы менен Бишкек жана Ош шаарларында киргизүүнү сунушташууда.
Парижде Футбол боюнча чемпиондор лигасынын финалында "Пари Сен-Жермен" клубу жеңгенден кийин чектен чыккан башаламандык болду. Бул туурасында РИА Новости жазды. Шаардын ар кайсы райондоруна бейбаштар топтолуп алып, машина, велосипеддерди өрттөгөн. Мындан тышкары, дүкөндөрдү тоногонго аракет кылышкан. Топтолгондор тартип сакчыларына баш ийбей, аларды көздөй фейерверк, айнек бөтөлкө жана башка буюмдарды ыргыткан. Figaro басылмасынын маалыматына караганда, төрт адам жабыркаган. Алардын бири Сена дарыясына кулап кетсе, дагы бири октон жаракат алган. Ал эми калган экөө айланма автожолдогу күйөрмандардын топтолушунан улам автокырсыкка кабылып, учурда оор абалда деп айтылууда. Буга чейин бир полиция кызматкеринин да жабыркаганы кабарланган. Франциянын башка шаарларында да тартип бузуулар катталды. Жалпысынан 326 адам кармалса, алардын 235и Парижден болгон. Буга чейин Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес башаламандык кооптуулугунан улам Чемпиондор лигасынын финалдык оюну өткөн күнү өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн полициянын 22 миң кызматкери иштей турганын кабарлаган. Алардын сегиз миңи борбор калаада жана анын айланасындагы аймактарда тартипти көзөмөлдөөгө тийиш болчу.
Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан "Бишкек Арена" көп функционалдуу спорт комплексине пландан тышкары барып, курулуш иштерин көрдү. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Мамлекет башчысына стадиондун курулушу графикке ылайык жүрүп жатканы маалымдалып, учурда курулуш-монтаждоо, жасалгалоо жана инженердик иштер аткарылып жатканы айтылды. Президент стадиондун ички бөлмөлөрүн, унаа токтотуучу жайды жана коммерциялык объектилердин курулушун көрүп чыкты. Жапаров долбоордун сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле комплекс толук кандуу иштеши үчүн анын аймагына соода жана тейлөө объектилерин жайгаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" FIFA жана AFC стандарттарына ылайык курулуп жаткандыктан, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Кыргызстан Россия менен кызматташууну АКШ менен болгон мамиледен жогору коет. Бул тууралуу РИА Новостиге Америкадагы элчи Эдил Байсалов билдирди. "Биздин ортодогу ишеним, түз кызматташуубуз, жетекчилер менен байланыш жогорку деңгээлде. Россия — биздин эң жакынкы өнөтөшүбүз. Мындан күмөн жок", — деди дипломат. Өткөн жумада Байсалов АКШ президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырган. Дипломаттын айтымында, Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстандын Батыш жарым шарындагы өлкөлөрдө жайгашкан жалгыз элчилиги болуп саналат.Окуучулар менен студенттерди баңгизатка милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда бул демилге өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңгизат колдонгондор көбөйүп жаткандыктан көтөрүлгөнү белгиленди. Долбоорго ылайык, 9-11-класстын окуучулары окуу жылында үч жолу баңгизат жана психотроптук затка анализ тапшырууга тийиш болот. Ал эми жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери окууга тиешелүү маалымкаттарды көрсөтүшү керек. Депутаттар Улан Сариев менен Максат Алымбеков бул системаны 1-сентябрдан тартып этап-этабы менен Бишкек жана Ош шаарларында киргизүүнү сунушташууда.Парижде Футбол боюнча чемпиондор лигасынын финалында "Пари Сен-Жермен" клубу жеңгенден кийин чектен чыккан башаламандык болду. Бул туурасында РИА Новости жазды. Шаардын ар кайсы райондоруна бейбаштар топтолуп алып, машина, велосипеддерди өрттөгөн. Мындан тышкары, дүкөндөрдү тоногонго аракет кылышкан. Топтолгондор тартип сакчыларына баш ийбей, аларды көздөй фейерверк, айнек бөтөлкө жана башка буюмдарды ыргыткан. Figaro басылмасынын маалыматына караганда, төрт адам жабыркаган. Алардын бири Сена дарыясына кулап кетсе, дагы бири октон жаракат алган. Ал эми калган экөө айланма автожолдогу күйөрмандардын топтолушунан улам автокырсыкка кабылып, учурда оор абалда деп айтылууда. Буга чейин бир полиция кызматкеринин да жабыркаганы кабарланган. Франциянын башка шаарларында да тартип бузуулар катталды. Жалпысынан 326 адам кармалса, алардын 235и Парижден болгон. Буга чейин Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес башаламандык кооптуулугунан улам Чемпиондор лигасынын финалдык оюну өткөн күнү өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн полициянын 22 миң кызматкери иштей турганын кабарлаган. Алардын сегиз миңи борбор калаада жана анын айланасындагы аймактарда тартипти көзөмөлдөөгө тийиш болчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1f/1101616308_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_235dd556b2d038c06001242f900410f4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио