00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новые подходы в изучении русского языка в школах КР
08:04
40 мин
Эхо дня
55 лет «копейке»: как ВАЗ-2101 стал символом советской эпохи и зачем его сделали из итальянского Fiat
08:50
9 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
9-сентябрь — Комуз күнү: улуттук аспаптын тарыхы кайда барып такалат?
09:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
«Мы целенаправленно движемся к уничтожению нашей природы»: учёный — о туризме, золоте и браконьерстве
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттик түзүлдү. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ал президентке караштуу болуп, жетекчисин өлкө башчы дайындайт. Агенттикке Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бир катар ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилет. Анын ичинде лицензиялар, уруксат берүүчү документтер, виртуалдык активдердин мамлекеттик реестри жана санариптик активдердин жүгүртүлүшүнө байланыштуу маалыматтар камтылат. Минкабга үч ай ичинде өзүнүн чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү жана бардык каралган чараларды ишке ашыруу тапшырылды.
Президент Садыр Жапаров Фарид Ниязовга мунапыс берди. Бул маалыматты бизге президенттик администрациядан тастыкташты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын тарапташтарынын бири. Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси 2019-жылдын август айында болгон Кой-Таш окуяларынан кийин кармалган. Бул иш боюнча өткөн жылдын жай айларында ал 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.
Новиков былтыр РКӨФ өлкө экономикасына 236 млн доллар инвестиция салганын айтты. 2025-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 175тен ашуун жаңы долбоорду каржылаган. Бул 2024-жылдагыдан 35 пайызга көп. Фонддун төрагасы Артем Новиков билдиргендей, РКӨФ колдогон ишканалардын жалпы кирешеси 36 млрд сомго өсүп, дээрлик 2 миллиард долларга жеткен. Ошондой эле бул ишканалардын экспорт көлөмү 350 миллион долларга жакындап, анын 170 миллион доллары Россияга туура келген.
Мектептерге алты күндүк окууга өтүүгө уруксат берүү сунушталды. Учурдагы мыйзамдарда мектептер үчүн беш күндүк окуу жумасы каралган. Агартуу министрлиги бул норманы “беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасы” деп өзгөртүүнү сунуштоодо. Ошол эле учурда кайсы мектептер жаңы тартипке өтөрү, мындай чечимди ким кабыл алары жана анын милдеттүү же ыктыярдуу болору такталган эмес. Минкабдын токтом долбооруна ылайык, мектептердеги окуу сентябрда башталары жазылган. Мурда 1-сентябрдан болчу. Эске салсак, өлкөдө өтө турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат.
Эртең, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык майрамына байланыштуу "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабык болот. Убактылуу тосула турган көчөлөр: Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик г]лбагына чейинки аралыгы Орозбеков көчөсүнүн Фрунзеден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү. Милициянын Кайгуул кызматы элге маршрутун алдын ала пландаштырууну эскертти.
Кениянын футбол боюнча курама командасы Бишкекте өтө турган беттешке Эбола вирусуна байланыштуу келе албай калды. Ал жакта вирус күч алып, аба каттамдары үзгүлтүккө учуроодо. Кыргызстан — Кения беттеши июнда өтүшү керек эле. Эми кыргызстандык футболчулар Палестинанын курамасы менен эки оюнга чыгат (6 жана 9-июнь). Беттешке билет алгандар 1-июндан 3-июнга чейин операторго кайрылып, акчасын кайтарып алса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0