Жеңиш Ашырбаев: балдарын мушташтырган аталар сотко чейин камакта болушат
Ал белгилегендей, аталган эки наристенин мушташуусун сүрөп турган аталардын аты-жөнү такталып, Өзгөн райондук соттун чечими чыгарылды.
"Аталардын бири 43, экинчиси 29 жашта. Буга чейин бул эки жаран боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, 48 саатка камалган. Эми Өзгөн райондук соту тарабынан эки айга камакка алуу чечими чыкты", — деди Ашырбаев.
Маалымат катчы белгилегендей, эки жаран бир-эки күндө тергөө абагына которулуп, сотко чейин камакта болушат.