БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчысынын буйругу менен министрдин орун басарына өзүнө тиешелүү милдеттерин так аткара албагандыгы үчүн сөгүш берилген.
Ашымбаева 2014-жылдан тарта Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеп келет.