БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Анкарада эки жан кечти өзүн жардырып жиберди. Бул тууралуу РИА Новости Рейтерге шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Anadolu агенттигинин берген маалыматына ылайык, эки жан кечти унаага жардыруучу зат коюуну пландашкан. Бирок аны байкап калган полиция кызматкерлери багынып берүүнү талап кылган. Анткен менен жанкечтилер баш ийбей өзүлөрүн жардырып жиберишкен.
Жабыр тарткандар тууралуу маалымат чыга элек.
Эске сала кетсек, Стамбулдун Шириневлер/Енибосна районунда дагы мина коюлган мотоцикл жарылып, 10 адам жаракат алган.