БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында "Ырга айланган айымдар" деп аталган поэзия кечеси болот. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.
Аталган фонд Тарых жана маданият жылына карата Жазуучулар союзу жана улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы белгилүү акын-жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелерин тартуулоодо.
"Бул жолку кече акын айымдар Бактыгүл Чотурова менен Жыпаркүл Исабаеванын чыгарамачылыгына арналат. Эки акындын теӊ көптөгөн ырларына обондор жазылып, эл ичине кеӊири тарап ырдалып жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Кечеде акындардын ырлары окулуп, алардын сөзүнө жазылган обондуу ырлар белгилүү ырчылардын аткаруусунда жаӊырмакчы.