БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16 градус, күндүзгү жогорку температурасы 28…30 градус жылуу болот. Ал эми Ошто түнкүсүн 13…15 градус, күндүз 30…32 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.