БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Пакистандын Шикарпур шаарынын Синд кыштагында болгон майрамдык намазда жанкечтинин өзүн-өзү жардырып жиберүүсүнөн 10 адам жабыр тарткан. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттарына таянып, РИА Новости жазып чыкты.
Полициянын маалыматына ылайык, жан кечтинин жанында дагы бир кишт болгон. Жардыруу болгондон кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен.
Мындан тышкары, тартип сакчылары уюштурулуп жаткан экинчи терактынын ишке ашуусуна жол берген жок. Шииттердин аза зыйнаты өтүп жаткан жерге кол салууну пландагандар шектүү көрүнгөндүктөн, имараттын ичине киргизилген эмес. Ал кишилер полициядан качканга аракет жасашкандыктан, бирөө өлтүрүлүп, бирөө колго түшүрүлгөн.