БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президенттикке талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталып 20-октябрда аяктайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов Sputnik Өзбекстанга билдирген.
Буга чейин Абдусаломов Өзбекстандагы президенттик шайлоо 4-декабрда өтө тургандыгын билдирген.
"Шайлоо боюнча мыйзамдардын алкагында 30-сентябрдан 20-октябрга чейин президенттикке талапкерлерди каттоо процедурасы жүргүзүлөт", — деп билдирди Абдусаломов.
Боршайком өткөргөн жыйында президенттик шайлоону өткөрүүгө багытталган негизги программалар бекитилген.