Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт

© flickr.com / Giorgio MinguzziӨзбекстан желеги. Архив
Өзбекстан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, өзбек президенти Ислам Каримов 2-сентябрда каза болгондон кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп өлкөнүн премьер-министри Шавкат Мирзиеев дайындалган.

БИШКЕК, 9-сен.— Sputnik. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө президенттик шайлоону 4-декабрга белгилегенин Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди. 

"Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна жана Конституциянын беренелерине ылайык, президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленди", — дейт Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов.

Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле президенттик шайлоого даярдыктарды көрүү боюнча программаны да бекитти.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында каза болуп, анын сөөгү Самаркандга коюлган. Учурда өлкө башчынын милдетин премьер-министр Шавкат Мирзиеев аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0