БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Асел Жураеванын "Лампа" аттуу тасмасы Самарада өтө турган Бүткүл россиялык даректүү тасмалардын сынагына чакырылды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 19-23-сентябрь күндөрүнө белгиленген. 11 мүнөттүк тасмада Бишкектен 15 чакырым алыстыкта жашаган Залкарбек менен энеси Калбүнүн электр энергиясыз жашаган күнүмдүк тиричилиги чагылдырылат.
Белгилей кетсек, аталган фестиваль быйыл 9-ирет өтөт.