00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Үмүттү үзгөн Жанар менен Мурат…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип 16-августтун таңы атты. Олимпиададагы медалсыз деле таң атат тура…

Үзүлгөн үмүт. "Аттиң, андан көрө лицензияны албай эле койсо болмок, булар Бразилияга эс алганы эле барган го"… Айтор ушул сыяктуу сөздөр жамгырдай эле жаады. Анткени көпчүлүк үмүт артып, бир кезде лицензиясын алып койсо бүтүндөй кыргыз эли кайгырып, лицензиясын кайрып бергенде төбөбүз көккө жеткен Жанарбек Кенжеев Олимпиадада бир дагы упай албай жеңилип калды. Ух, биздин кесиптешибиз Айида Батырбекованын ушунчалык ачуусу келди дейсиңер… Ачуусу келгендиктен үйүнө жөө кетип калды.

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 85 кг
Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 85 кг - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада 2016. Греко-римская борьба. Мужчины. Весовая категория до 85 кг

Багы жокко дагы жок. Жанарбектин үмүткө суу сепкени аз келгенсип, дагы бир кыргыз балбаны Мурат Рамонов биринчи эле кармашында алдырып жиберди. Ушул балбанга жакшы эле жан тартайын дедик, чын… бирок өзү каккан казыктай туруп берди. Эки балбандын кулагы катуу эле кызарды го.

Макул эми, спортто бири жеңсе, экинчиси утулат. Буюрса уучубуз куру эмес. Алдыда биз күткөн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бар. Ага чейин болсо футбол боюнча Кыргызстан — Казакстан жолдоштук беттешине арналып даярдалган роликти сунуштайм

Үнүбүз кудайга жеткенде. Эс тартып, Кыргызстанда Ысык-Көл деген кереметтүү көл бар экенин билгенден бери эле андагы таштанды маселеси чечилбей келет. Ал эми кечээ, Тоң районунун акимине эскертүү берилди. Бул эми башка акимдерге да чоң сабак болот деген үмүттөбүз. 

Багы ачылбаган Ысык-Көл мейманканасы. Кыргызстандын өкмөтү бир нече жылдан бери иштебей турган Ысык-Көл мейманкана комплексин реконструкциялоону пландап жаткандыгы тууралуу Инвестицияны өнүктүрүү агенттигинин сайтына жарыяланды. 

Баса, окумуштуулардын айтымында, 2084-жылы жайкы Олимпиада оюндары Бишкек шаарында өтүшү мүмкүн. Чын, күлбөңүз. Илимпоздордун айтымында, 70 жылдын ар жак-бер жагында дүйнөдө жайкы оюндарды өткөрө турган 8 эле шаар калат имиш. Ошонун арасында Кудай жалгап Бишкек да бар экен.

Ал эми бүгүн, ысыктын илеби кайтып, өлкө аймагында жаан себелейт.

Валюта баасы. Бүгүн бир доллар 68.78 сом деп бааланды.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39 сом болуп кымбаттады. Ал эми Аи-92 үлгүсүндөгү май 36 сом, ал эми дизель майы 32 сомду түздү.

Соңку сөз ордуна. Өзгөрүүнү өзүңдөн башта.

Дагы деле Олимпиададан медаль үмүт кылган Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0