00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему помощь семьям становится приоритетом государства
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Новосибирскиде бээ байлаган Нуралы. Россиянын кыйырына жеткен кымыз

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБээни саап, кымыз алуу. Архив
Бээни саап, кымыз алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын облусунда кымызкана ачкан кыргыз үй-бүлөсү күнүнө 40 литрден ашык кымыз жасайт.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россиянын Новосибирск шаарынын жанындагы "Гусиный Брод" кыштагында кыргыздын кадимки эле кымызканасы ачылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Атанур" кымызканасынын жетекчиси Нуралы Муратбеков билдирди.

Анын айтымында кымызкана үстүбүздөгү жылдын май айында ачылган.

"Учурда биздин эс алуу борборубузда кымыз баш болгон кыргыздын улуттук тамак-аштары даядалат. Мындан сырткары ат менен сейилдөө, балык уулоо кызматтары көрсөтүлөт. Ошондой эле воллейбол, футбол аянтчаларыбыз да бар", — дейт Муратбеков.

Ал кымызкана экинчи уулунун атынан коюлганын кошумчалады.

"Борборду үй-бүлөбүз менен иштетебиз. Бээлерди иним саап, келинчегим кымыз жасайт. Мен болсо эс алып келгендерге кой союп берип, балык кармаганга жардам берем. Ал эми мектепте окуган эки уулум конокторду ат менен сейилдетет", — деди борбордун ээси.

Муратбеков күнүнө 40 литр кымыз жасалаарын айтты.

Ажарлуу кыз жана даамдуу кымыз: өлкө сулуусу бээ сааганда - Sputnik Кыргызстан
Ажарлуу кыз жана даамдуу кымыз: өлкө сулуусу бээ сааганда
"Бир күндө 10-15 миң рубль пайда көрөбүз. Буюрса, кымыз ичкендердин саны арбын. Жергиликтүү тургундар кымызга кадимкидей көнүп калышты. Мас болгончо ичишет (күлүп). Мындан сырткары башка улуттун өкүлдөрү келип, кымыз ичип кетишет. Буга чейин кымыз жакпаган бир дагы орус же башка улуттун өкүлдөрү болгон жок", — деди ал.  

Кымызкананын ээси жергиликтүү башкаруу органдарынан уруксат алганын жана салык төлөп тураарын кошумчалады.

Мындан сырткары Муратбеков күз келээри менен аталган аймакта ат оюндарын уюштурууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Бээнин сүтүн жана кымызды туура ичүү боюнча маалыматты Sputnik инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0