Манасчы Рысбай Исаков: аянды баарына жар салсын деп бербейт

Жазылуу
Бул жолу кыргызга эле эмес, дүйнөнүн чар тарабына Манасты даңазалап келген белгилүү манасчы Рысбай Исаков менен аңгемелештик. Биз күткөндөн бир аз башкача маек болгону менен ал Манас дүйнөсүнүн дагы бир өңүрүн ачып көрсөтүп берди.

Анда кеп кезегин манасчыга беребиз. 

Манас ааламына кирүү түшкө байланыштуу болору ырас. Антсе да бул өзүңөн аракет болмоюнча колуңа кармап кала албай турган нерсе. Манас дүйнөсү тууралуу көп түш көрдүм, бирок мен түшүмдө эмес, өңүмдө көргөнүмдү жөндөп эстеп кала албаган адаммын. Мындан улам көргөн түштөрүмдү деле көп нерсенин бири катары кабыл алып, таназар алган эмесмин. Анын үстүнө менин чөйрөмдө бул дүйнөнү түшүнгөн адам болгон жок. Манастын учу-кыйыры көрүнбөгөн мынчалык зор аалам экенин билген эмесмин. Ошонун айынан он жылдай, 20га чыккычакты ооруп жүрдүм. Талмам кармаар алдында мен түшүндүрүп бере алгыс нерселер дайыма кайталанчу. 

Манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аян болбой, баян болбойт. Манасчы Дөөлөт Сыдыковду Айкөл ааламына аралаштырган өң-түш
…Бир жолу түшүмдө Манас ата өзү атып алган ажыдаардын терисин берип жатыптыр. Мен ичиме батпай сүйүнүп алгам — муну баарына көрсөтүп ишенбей жүргөндөргө Манас ата бар экенин далилдейм деп. Дагы бир ирет колума эски китеп карматып кетти. Үчүнчү жолкусунда Коңурбай Манасты кечүүдө сайып кеткен жери бар эмеспи, мени да ошентип чекеге уруп кетти. Башымдын ооруганы ошондонбу деп калам кээде…

Бирок мен Манаска андан эртерээк аралашыптырмын. Чоң энем баатырлар тууралуу, алардын эрдиктерин саймедиреп айткан киши эле, ошо кишинин таасири күч болду деп ойлойм. Ал тургай буга улам манастан жаттатып, айттырып жүргөн мугалимим да себепчи болду. Ошентип бирине бири тепкич болуп, уланып кете берет экен. Анан албетте, чөйрө. Борборго келгенден кийин манасчыларга, маданий чөйрөгө аралашып калдым. Ошондон кийин мен өзүмдү тааный баштадым. Бир чоң дүйнөнүн калыптанышы үчүн көптөгөн себептердин жыйындысы болуш керек окшойт.

…Манастын бир-эки жерин жаттап алгам. Ошону эле айтып жүрөм деп ойлочумун. Бир күнү эле университетте чогуу окуган Элмир Табылдиев "кайсы жерин айтасыз?" деп калды. Мен "баланча китептин баланча жеринен" дедим. Эртеси китепти көтөрүп келиптир, барактасак эле баягы мен айткан эпизод жок. Аябай ыңгайсыз абалда калдым, күнөөлүү болуп "бузуп айтып аткан турбаймбы" деп бир кыйроого учурагам. Көрсө, өзүнөн өзү эргүү жаралып, өзүнөн өзү айтылчу нерселер бар экен…

Жети күндүк Манас

Тундук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Кара кылды как жарган Калыгул олуя
…Таласта жети күндүк Манас айтуу болуп, Алмамбет атасынын кан жайлоосун талашып Коңурбай менен беттешкен жерин айтып жатам. Коңурбайдын "апаң сени ташка тууп алган" деген сөзүн айттым. Чынында антип айтайын деген эмесмин. Ошого улай эле Алмамбеттин төрөлүшү жөнүндөгү окуялар бүт көз алдыма элестеп турду. Болбосо ал эпизодду буга чейин айткам, анда баатыр кадимкидей эле хан өргөсүндө төрөлөт. Эми Коңурбай менен урушкан жерин айтып жатсам, Алмамбеттин таптакыр башкача жагдайда жарык дүйнөгө келгени көз алдыма тартылды. Оюмда Алтынай эненин жашырынып барып токойдо төрөгөнү турат, ал эми тилимде башка нерсе айтылып жатат. Ошентип жатам да, кайра дагы бир оюмда кийинкисинде ушинтип айтыш керек экен деп ойлоп жатам… Билбейм, түшүндүрүп бере албайм…

Түз эфирдеги окуя

Бир ирет түз эфирден Манас менен Кыз Сайкалдын сайышын айтып атып эле уктап кеттим. Жайдын күнү болчу, ныксырап кеттим окшойт. Уктап баратканымды билип, "мен түз эфирдемин, эми элдин баарына уят болуп атам" деп ойлонуп жатам, бирок ошол эле маалда бир нерселерди айтып жатам. Эптеп ойгонуп, убакытты бүтүрдүм. "Өлдү" дедим… Кийин дисктен карасам баары жакшы, кадимкидей эле окуялар айтылыптыр. Мындай учур эки-үч жолу кайталанды, эл көп болгон жерде болгондуктан өзүмдү өзүм тескеп, "ойгон-ойгон" деп келем. Эми бир ээн жерде ушинтип уктап калсам эмне болот болду экен, ошол уктап калганда оозума эмнелер келет болду экен деп өзүм да кызыгып жүрөм. 

Көп түш көрөм, бирок түшкө сараң кишимин. Ал ошол адамдын өзүнө гана берилет. Аны менен мактанып да, сыймыктанып да болбойт. Купуя сакталышы керек. Андыктан аянды, түштү айтуунун кажети жок. Өзгөчө ар кандай ойлор айтылып жаткан бүгүнкү күндө. Аяндын сыры, анын керемет-касиетин изилдөө келечектин иши деп эсептейм. Ал эми манасчынын өнөрү канчалык деңгээлде экенин анын түшүнөн эмес, айтуучулук чеберчилигинен, айткан манасынан билүү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader