Аян болбой, баян болбойт. Манасчы Дөөлөт Сыдыковду Айкөл ааламына аралаштырган өң-түш

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив
Манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухиттей чалкыган улуу дастан менен аны саймедиреген манасчылык өнөр жападан жалгыз кыргыз элинин энчисине тийген касиет. Ал биринчиден кан кууйт, экинчиден баатырлар менен өң-түштө жолугуп, алардын талабы, эң башкысы — батасы менен келет.

Кайып дүйнөнү туюп-сезгенибиз менен көпчүлүк өң-түш кандай болорун, манас айтуунун сырын даана түшүнө бербейбиз. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги манасчылар менен баарлашып, ушул жолдун сыры, аян түш тууралуу кеп кылууну чечти. Бул боюнча бүгүнкүнүн чыгаан манасчыларынын бири Дөөлөт Сыдыков айтып берди.

Аян деген эмне?

Китептен тартылган Манас баатырдын иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манас бабам менен баарлашканда
Аян — адамга келе турган белги, сыр, кубулуш. Ал жөн келе бербейт, кандайдыр бир маанини, келечекте боло турчу ишти туюндурат, демек ага кайдыгер мамиле жасоо болбойт. Аткарылышы зарыл болгон сыр катылат. Аян жалаң эле манасчыларга тийиштүү эмес. Аян алып кол өнөрчү болгондор, акын болгондор бар, жолу болбогондордун иши жүрүшүп кеткен учурлар кездешет. Чыңгыз Айтматов Кыдырга жолугуп, аян алгандыгы, Түгөлбай Сыдыкбековдун өң-түш көргөнү айтылып келет. Мунун эки түрү бар — биринчиси кадимки эле түш. Аны жоруп түш карманып келгендер болот. Экинчиси — өң-түш деп коет. Өңүңдө жолуккандай эле башка бир дүйнөгө аралашып кетесиң. Аян бир эле жолу берилбейт. Буга бир нече жолу туш болуусу мүмкүн.

33 эгизди төрөп, өлүп-тирилген чоң эне

Манасчылык — чоң аталарымдан келе жаткан өнөр. Чоң атам Сыдык Манас үчилтигинен тышкары, кенже эпосторду да айткан. Анын энеси санжыраны мыкты билген, төкмөлүгү күчтүү, кошокчу киши болгон экен. Өзүмдүн чоң энем да уламыштарды мыкты айткан, санжырачы, анан үч эгиздин түгөйү болгон. Ал кишинин апасы жалаң үч эм, эгиз кылып 33 бала төрөгөн, кийин өлүп-тирилген киши болуптур. Чоң энем ыйлап калчу, бир туугандарымдын баарын жутуп алып жалгыз калдым деп. Өзүмдүн атам Качкын да манас айтчу, ал эми казактын орто жүзүнүн кызы болгон апамдын бала-чаканы эмдеп-домдоп, алдын ала билүүчүлүк жайы бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДөөлөт Сыдыков жети күндүк Манас айтуу иш-чарасында
Аян болбой, баян болбойт. Манасчы Дөөлөт Сыдыковду Айкөл ааламына аралаштырган өң-түш - Sputnik Кыргызстан
Дөөлөт Сыдыков жети күндүк Манас айтуу иш-чарасында

… Ыйлап ийсем, көтөрүп кетишти

Бала кезимде улуу жомоктун ийне-жибине чейин билбесем да Манастын бар экенин билчүмүн, ой-туюмум менен анын бир чоң күч экенин сезчүмүн. Эч-нерсе билбейм, бирок баарын билгендей боло берчүмүн. Ээн талаада мал кайтарып жүргөндө же жалгыз басканда баатырлар чыга кала тургансып же бир нерсе болчудай боло берчү. 

Свякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
Эки эжем кадимкидей аян алып манас айтышчу экен. Бирок кийинчерээк турмушка чыгып, шартка байланыштуу айтпай калышкан. Байкелерим жаттап айтчу. Үй-бүлөбүз манаска жакын болгондуктан, бир жолу мектептен мени да "айтасың" деп эле сахнага чыгарып коюшкан. Билбесем, эмнени айтмак элем. Элдин сүрүнөн коркуп ыйлап ийсем, сахнадан көтөрүп чыгып кеткендери ушу күнгө чейин көз алдымда турат. 

Ошондон бир жума өтүп-өтпөй түшүмө Саякбай ата кирди. Ороздунун (Манастын чоң атасы — ред.) он уулу деп алгач өзү айтып, анан мага ушинтип айтасың деди. Ошондон баштап түшүмө байма-бай кирчү болду, кээде өзүм эле манас айтып жаткан болом, кээде мени сынап кетет. Айрым учурда айтып атып үнүмдү чыгарып жиберген учурларым болду. Ошентип акырындан Саякбай ата ортомчу, көпүрө болуп Манас, Бакай, Кошой аталарга, Коңурбай баатырга, Күлчөро, Канчоро, кырк чорого, Каныкей, Айчүрөк энелерге жолуктуруп Улуу баянга аралаштырды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы баатырлар менен аралашып, Айкөл ааламына сүңгүп бара жаткан маалы
Аян болбой, баян болбойт. Манасчы Дөөлөт Сыдыковду Айкөл ааламына аралаштырган өң-түш - Sputnik Кыргызстан
Манасчы баатырлар менен аралашып, Айкөл ааламына сүңгүп бара жаткан маалы

Тоо жылгандай добуш чыгып зор караан көрүндү… 

Уктап жаткандай эле болгом, бирок… ойгонсом тердеп-кургап акактап калган экем. Үйүбүз айылдын чуңкурураак жеринде, Май чуңкур деп коюшат. Бир маалда эле дарбазага Бакай ата келди. Сакалы белине түшкөн, ак жуумалынан келген киши экен. Анын касиети күч, эбегейсиз адам экенин сезип турам, бирок мен сыяктуу эле көрүнүп турат. Анын сол капталына чыктым. "Коңурбай келет азыр, тосуп алалы" деди. Бизде тоо түштүк тарапта, көл түндүк тарапта болуп калат. Ошол түштүк тарапты карап турабыз. Бир маалда "дүң" этип аябагандай чоң таш түшкөндөй болуп алыстан үн чыкты да, улам барган сайын жакындай баштады. Ал жакындаган сайын жер улам катуулап титирей баштады, үнү да күчөп келе жатат. Жүрөгүм түшүп калды. Оор жүк салып чоң унаалар жүрөт го, ошондой болуп барып анан Коңурбай баатыр көрүндү. Астындагы Алгарасы да, өзү да капкара зоот кийиптир. Ошондо үйдүн чатыры үзөңгүнүн алдында калды. Коңурбайдын жанында 15-20дай жигити бар экен, алар деле албан-зоодой, бирок Коңурбайдын чаңында эле калгыдай. Баатыр өзү бир жеринде ашыкча эти жок, атка отурганы да чапчаң, кыймылы жолборс, кабыландардыкындай экен. Чаң буруксута келип токтоп аттан түштү да, чылбырын бирөөгө карматып, Бакай атага келип кол алышып учурашты. Ошондо мен көз менен сүйлөшөт деген эмне экенин түшүндүм. Үн-сөз жок кармашкан боюнча тиктешип туруп эле, бир маалда Коңурбай оң тарабын карап жигитине мени көздөй башын жаңсап белги берди. Ал ээр токумдуу тору жылкыны мага карматты. Атты чылбырынан кармап ары көздөй басып эле артыма кайрылсам эч ким жок, баары кайып болуп кетишкен экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМанастын урпактарына Улуу жомокту баяндаган Дөөлөт манасчы
Аян болбой, баян болбойт. Манасчы Дөөлөт Сыдыковду Айкөл ааламына аралаштырган өң-түш - Sputnik Кыргызстан
Манастын урпактарына Улуу жомокту баяндаган Дөөлөт манасчы

Аябай сүйүнүп атам, эки жакка чыксам деле, мал кайтарсам деле бул ат чарчап-чаалыкпайт да, баатырлардын аты эмеспи, жем-чөп деле жебей жүрө берет болуш керек деп баратам. Андай деле семиз эмес. Бир маалда "бул мени сүйрөп кетсечи, колуман чыгып кетсе эмне кылам, кайыптардын малын кайдан табам" деп сарсанаа боло баштадым. Үйгө келдим, чөп салдым, анан байлап коеюн деп жатам. Бирок корукка байласаң огородуңду кошуп сүйрөп кетчүдөй болуп турат. Оюмда тушап туруп, казык кагып анан байлайын деп атам. Илгери шамал учуруп кетпесин деп боз үйдүн эки жагына кулач болгон чоң казыктарды какчубуз. Ошонун бирин таап алып, кактым. Эртең таң атса эле минем деп өрөпкүп алгам. Анан тушап атканда ойгонуп кеттим…

Түштүн баарын эле айта берүүгө болбойт 

Манасчы Үмөт Тайторуну чаптырып, жети хандын чатагын айтты
Кийин да бир топ аян түш көрдүм. Өңүмдөгүдөй эле баатырлар менен аралашып жүрчүмүн. Эми анын бирин айтсаң, бирин айтууга болбойт экен. Түш көрө баштаганымды эч кимге деле айткан эмесмин. Кээде коркчумун. Бир жолу бир үңкүргө алып киришти, "Манастын тактысы" деп. Жакындаганда жер титиреп, үңкүр басып калчудай болду. Коркконуман такка жетпей эле чыга качкам. Ойгондон кийин көпкө чейин эсиңе келе албай калган учурулар көп болчу. 

Кээ бир адамдар башкача карап, буга жалмайышат, бирок бул мен билген, мен жашаган, мен сезген өзүнчө бир дүйнө жана касиет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0