БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.
Маалыматка ылайык 14-июлда эртең менен саат 8.45тен 9.15ке чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Абдрахманов көчөсү — Фрунзеден Киев көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси —Шопоковдон Турусбеков көчөсүнө чейин;
- Манас — Тынчтык проспектилери — Рыскулов көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин.
- Саат 15.00дөн 15.30га чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Тынчтык-Манас проспектиси мамлекеттик резиденциядан тарта ылдый көздөй Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу көчөсү — Исанов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
- Фучик көчөсү — Жибек-Жолу көчөсүнөн шаар чегине чейин.
Кайгуул күзөт кызматы айдоочуларды алдын ала ыңгайлуу маршруттук каттамдарды тандап алууну эскертет.