БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстандын Балхаш көлүнөн куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, белгисиз эркек адамдын сөөгүн табышканын КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, Моюнкум районунун Мың-Арал айылындагы Балхаш көлүнө достору менен балык уулоого барган кыргызстандык 29 жаштагы Максим Пивоваров июль айынын башында чөгүп кеткен. Аны издөө иштери азыркыга чейин жүргүзүлүп, оң натыйжа боло элек.
ӨКМден маалымдашкандай, 11-июлда Казакстандын Караганда, Алматы, Жамбыл облустарынын 11 куткаруучусу 3 кайык менен издөө иштерин жүргүзүп, белгисиз эркек адамдын сөөгүн тапкан. Учурда анын ким экени такталууда. Бул туурасында дагы кошумча маалымат берилерин министрликтен маалымдашты.