БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Мындан үч күн мурун, 1-июлда Балхаш көлүнө чөгүп кеткен кыргызстандык жаран ушу кезге чейин изделип жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Миң-Арал айылындагы Балхаш көлүнө Бишкектин 11 тургуну балык уулаганы барган. Алардын ичинен 29 жаштагы Максим Пивоваров дайынсыз жок болуп кеткен. Ал кайык менен көлдүн ортосуна чейин барганы айтылууда.
Кырсык тууралуу маалымат келгенден кийин ал жерге Казакстандын Караганда облусунун 4 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп табышкан эмес.