БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өзү чыгарган дагы бир ырды аткарып, элге сунуштады. Анын "Мен сенсиз жашай албайм" деген чыгармасын ORDO Production компаниясы YouTube каналына жүктөгөн.
Президенттин чыгармачылыгы Кыргызстанда эле эмес, Россияда да талкууга алынган тема болду. "Россия 24" каналынын берүүсүндө Атамбаевдин ырлары тууралуу сөз болду.
Продюсер Иосиф Пригожин көрүүчүлөргө Атамбаевдин продюсери болууга даяр экенин айтты.
"Бардык нерсе болушу мүмкүн. Эгер ага продюсер керек болсо — мен даярмын. Жон Керри деле гитарада, ал эми Билл Клинтон саксофондо ойнойт. Кимдир бирөө китеп жазат. Саясатчылар деле таланттуу болушат", — деди Пригожин.
Буга чейин өлкө башчынын маалымат кызматы Атамбаев юбилейине карата өзүнүн чыгарган ырларынын топтомун CD-диск кылып жакындарына белек кылууну чечкенин билдирген.