БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президенттин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook баракчасына атасын мыкты аткарган ыры менен куттуктаганын жазып чыкты.
Шагиева өзүнүн билдирүүсүндө атасы үчүн ачык кат тартканын жазат.
"Ичине эмне деп жазганымды көрсөтпөйм. Себеби, аруу, таза нерселерди баарына жар салгым келбейт. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм! Гитаранын коштоосундагы ыры менен куттуктайм. Ал эс алдырган, жылмаюу тартуулап, өмүрдү узарткан жан дүйнөсүнө жакын иш менен алектенгенине абдан кубанычтамын", — деп жазат ал.
"Ооба, ал сүрөт тартчу. Жакында эле анын тарткан сүрөттөрүнүн альбомун барактап чыктым. Чыгармачылыкка менин жакын болуума атам таасир тийгизген. Сизге чоң рахмат!" — деп Шагиева өзүнүн сезимдери менен бөлүшкөн.
Атамбаевдин кызы тууралуу кыргыз коомчулугу анын Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелер коомдук фондусуна 200 миң сом өлчөмүндө жардам бергенинен кийин биле баштаган. Каражатка 19 жаштагы Алия Шагиева көргөзмөсүндөгү эмгектери сатылгандан кийин ээ болгон.