БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин Фучик көчөсүндө бензин ташыган унаанын жарылышынан улам чыккан жалынды өчүрүүгө Өрт өчүрүү кызматынын алты унаа тартылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жарылуу тууралуу билдирүү 18.20да түшкөн. Алдын ала билдирүү боюнча бир машина жарылган.
Министрлик кырсык тууралуу кошумча маалымат берилерин кошумчалады.
Буга чейин Тез жардам кызматынын бир бригадасы окуя болгон жерге чыгып кеткенин билдирген.
Кырсык болгон жерден алынган алгачкы кадрларды Sputnik Кыргызстандын фотолентасынан көрө аласыздар>>