Экономика министрлиги мурдараак Кытайдын өндүрүш кубаттуулуктарын Кыргызстандын аймагына көчүрүп келүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирген эле. Sputnik Кыргызстан маселенин чоо-жайын билүү үчүн экономика министри Арзыбек Кожошев менен маектешти.
— Чын эле 42 ишкана Кытайга берилеби?
— Жок. Бир жолу өткөрүп берүү жөнүндө кеп да жок. Сөз заводдорду көчүрүп келүү жөнүндө болууда. Мурдагы премьер Темир Сариев Кытайга барганда өз кесиптеши менен ашыкча өндүрүш кубаттуулуктарын Кыргызстанга которуу жөнүндө сөз кылышкан. КЭРдин премьери Ли Кэцян биздин өлкөдө иштебей турган заводдорго Кытайдан өндүрүштөрдү көчүрүүнү сунуштаган болчу.
— Мисалы, ошол эле Гуанчжоудагы кийим тигүүчү машина же электроника чыгарган завод өз өндүрүшүн Токмокто же Кызыл-Кыяда жүргүзөт дейли. Бирок эмнеге кытайлыктар бизге кызыгып жатышат?
— Өзүбүздү өтө ашыкча баалоонун кереги жок. Кыргызстан өзүнөн өзү кызыкчылык жаратпайт, себеби бизде рынок кичинекей. Ал эми кытай тараптын демилгеси Кыргызстанга эле эмес, башка өлкөлөргө да багытталган. Кытайда чынында эле завод-фабрикаларлын өтө эле көптүгү байкалат.
Ал эми Кыргызстанда квалификациялуу эмгек күчү иш таппай жатат, энергия болсо аябай арзан. Андыктан, эгер 42 ишкананын жарымы иштесе да, калкты иш менен, демек, бейкуттугун камсыз кылуу жагынан чоң олжо болот.
— Ленин заводунун оозуна миңдеген жумушчулар келе жатканын элестетип кеттим…
— Толук мүмкүн. Ленин эле эмес, бургулагыч заводу, ЭВМ, Кайыңдыдагы кабель заводуна, Токмоктогу, түштүк аймактагы фабрикаларда да ишке ашышы толук мүмкүн. Биз бардыгы болуп мамлекеттик жана жеке ишканалардын ичинен 42 объект сунуштадык. Алар инвесторлордун жоктугунан иштебей тургандар. Кызматташуу жеке каражаттын негизинде ишке ашат, бул өз кезегинде маселелердин эч тоскоолдуксуз тез чечилишин камсыз кылат. Бирок бул эң башкысы эмес, башкысы — кыргыз тарап бир тыйын да чыгарбайт, болгону, аянтын гана берет.
— Демек кытайдын миллион адиси бош заводдорду ээлеп калат турбайбы.
— Жок, андай эмес. Ишканаларды бул жакка алып келүүнүн негизги шарттарынын бири – ишке биздин жумушчуларды тартуу. Андан тышкары, кыргызстандыктардын башкаруу ишинде катышуусу жөнүндө да сүйлөшүп жатабыз. Жана, албетте, ар бир конкреттүү учурда улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Муну менен бирге кыргыз тарап иш-аракеттер республиканын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшүнө көзөмөл кылат.
— Чын эле баары сиз сүрөттөп бергендей жакшы болобу?
— Эми, биринчиден, азырынча сүйлөшүү процесси гана жүрүп жатат. Экинчиден, кылдат иштеп чыгууну талап кылган суроолор бар. Мисалы, экология маселеси. Заводдорду башка жакка көчүрүүнү каалаган себептердин бири деп Кытай абанын же суунун булганышына байланышкан маселелерди атап жатканы жашыруун эмес.
ЖМКлар менен кыргызстандыктардын тынчсыздануусун да түшүнөм, башыбыздан өтпөдүбү. Андыктан шарттарды талкуулоодо ишканалардын экологиялык тазалыгы биринчи орунга коюлат деп ишендире алам.
— Ооба, бирок дагы бир маселе бар да. Ал баягы кытайлыктардын каптап кетиши. Кытай ишкерлери завод, фабрикалары куруп, өлкөгө толтура акча берип коюп, анан акырындап калкынын кайсы бир бөлүгүн бул жакка көчүрүп келиши мүмкүн. Алар жаңы жерлерди сүйүнүп эле өздөштүргөнгө даяр турат да.
— Туура, бирок бул жерде Кыргызстандын мыйзамындагы "жылчык-тешиктерди" бүтөш керек. Квоталарды чектеп, алардын баасын көтөрүп, чет элдиктер үчүн кара жумушчуларды алып келүү пайдасыз болгудай кылыш керек. Ошондо жогорку квалификациялуу, бир нерсе үйрөтө турган кадрлар гана келет.
Анан калса, кыргызстандыкка үйлөнүп алып кытайлыктар биздин жарандыкты алам деп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан бул процедураны да катуулатуу зарыл.
— Бизде бир нерсени чогулта турган гана өндүрүштөр болобу же олуттуу бир ишканалар да пландалып жатабы? Себеби биз "бурамалык" фабрикаларга мурда деле туш болгонбуз да.
— Кубаттуулугу зор өндүрүштөргө артыкчылык берилет, бизди, мисалы, азыр жетишпей жаткан тракторлорду чыгаруу кызыктырат. Бирок баары кытай тарапка жараша болот. Азырынча бул долбоордо гана, конкреттүү мисалдар менен мөөнөттөрүн атай албайм.
— iPhone чогултушабы?
— Билбейм. Жогорку технологиялуу ишканаларды тандайбыз. Баары мүмкүн.