Кыргыз элинин кыжырын кайнаткандар — Жириновскийден казак акындарына чейин

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРоссиядагы ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский. Архив
Россиядагы ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз коомчулугун дүрбөткөн чет элдик аткаминерлер, өнөрпоздор жана жөнөкөй жарандарынын айткандарына Sputnik Кыргызстан агенттиги абай салып көрдү.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чет элдиктердин Кыргызстан тууралуу айткандары коомчулук арасында талаш-тартыштарга, түрдүү пикирлердин айтылуусуна жем таштаган учурлар аз эмес. 

Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астана КРдин Тышкы иштер министрлигинин нотасына жооп даярдоодо
Кечээ жакында эле Казакстандын Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын кыргыздардын кыздары Москвада ажаткана тазалап жүргөнү зээнди кейитет деген кыязда айткандары бир гана кыргыз коомчулугунда эмес, коңшу казакстандыктар арасында да бир катар нааразычылыктарды жаратты. Кийин министр анын айткандарын ЖМКлар туура эмес түшүнүп, бурмалап бергенин маалымдап, эч кимди капа кылуу ниети болбогонун айтып, кечирим сурады

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги чет элдиктердин кыргыз коомчулугун капа кылып, айрымдарынын жинине тийген сөздөрүнө көз салды.

Персона нон грата

Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь окуяларын изилдөө үчүн чакырылган финляндиялык саясат таануучу Киммо Кильюнен "персона нон грата" деп жарыяланып, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган. Тийиштүү токтомду Жогорку Кеңеш кабыл алып, анын аткарылышын өкмөткө тапшырган. 

Кильюнен атайын түзүлгөн эл аралык көз карандысыз комиссияны жетектеп, каргашалуу окуя отчетто "адамзатка каршы кылмыш болгон" деп көрсөтүлгөн. Депутаттар жана айрым жарандык активисттер комиссиянын чыгарган жыйынтыгын "бир тараптуу, эки улутту жараштыруунун ордуна кайраштырган" деп комиссиянын отчетун тааныбай турганын айтышкан.

Кыргызстан карызы үчүн Россияга Ысык-Көлдү берсин

Күнөстүү шаардын күйүттүү трагедиясы. Июнь коогалаңына беш жыл
Россиядагы ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 2013-жылы Кыргызстанда "персона нон грата" деп жарыяланган. Тийиштүү токтом үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары добуш берген.

Кыргызстандык эл өкүлдөр мындай кадамга Жириновскийдин "Кыргызстан тышкы карызынан кутулуу үчүн Ысык-Көлдү Россияга берсин" деп айтканы негиз болгон.

Орус депутатынын бул айткандарын КР эл өкүлдөрү Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирүү катары баалашкан.

Жириновский мындай пикирин Мамдуманын жыйынында Кыргызстандын Россияга болгон 500 миллион доллар карызын кечүү боюнча жыйында билдирген. Депутат анда Кыргызстандын президенттигине ат салыша турган бир талапкер эгер Россия тарап анын бийликке келүүсүнө жардам берсе, бир облусту тартуулай турганын айткан болчу.

Чучукту аттын жыныс мүчөсүнө теңеген Майкл Макфит

2015-жылы 30-декабрда "Кумтөр" ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка кыргыздын чүйгүн тамагы чучукту жылкынын жыныс мүчөсүнө теңеген билдирүү жазган. 

Анын бул айтканы социалдык тармактын колдонуучуларынын кыжырын келтирип, ал эми "Кумтөр" кенинин жумушчулары аны жоопко тартууну талап кылышкан.

Макфит жазган билдирүүсүн өчүрүп кечирим сурап, кимдир-бирөөнү кемсинтүү оюна келбегенин айткан. Ал 3-январда "Манас" аэропортунан кармалып, кийин бир нече күндөн кийин Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн өлкөдөн чыгарылган.  

Кыргызды келекелеген Юлдуз Усманова

Женщина за чашкой чая. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз дипломатиясы: чайлашуунун 15 мааниси
2010-жылы болгон июнь окуясынын жарасы айыга электе өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманова кыргыздарды келекелеген ыр ырдап чыгып, калың элдин таландысында калган. Усманованын ырында "күнүгө сага нан жасап берип, курсагыңды багып жаткан элди кордодуң, кыргыздарда ыйман барбы" деген кыяздагы ойлор айтылган. Өзбек ырчысынын бул кылыгына Кыргызстандын өнөр адамдары да нааразы болуп, ырчы Сыймык Бейшекеев ыр менен кайта жооп берген.

Казак акындарына Аалы жооп бергенде

Кыргыздын айтылуу акыны Аалы Туткучев казак акындарынын кыргыздарды маскаралап, кемсинтип өз ара айтышкандарын угуп, аларга жооп катары 2011-жылы айткан ыры коомчулукта аябай талкуу жараткан эле. Аалы акын мындай жоопту коңшу элдин акындары кыргыздарды душман деп, бир аялдын этегине жашынып алып жатат деген кыяздагы саптарына жооп катары ырдаган. Туткучев тарыхта акындар туура эмес ырдап, эки элди чабыштырып жиберген учурлар болгонун айтып, ошон үчүн акындарды кастыкты эмес, достукту ырдоого чакырарын билдирген.

Норвегиялыктардан "Жаным"

Сулуулар сынагындагы айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын сулуусу" болуш канча турат?
Норвегиялык бир туугандар Бард жана Вегард Илвисакерлердин (Ylvisåker) "Жаным" аттуу ыры кыргызстандыктардын ачуусун келтирген.

Бард жана Вегард Норвегияда өздөрүнүн күлкүлүү номерлери менен белгилүү. Алардын "Жаным" клиби Кыргызстанда тартылган. Ырды аткарууда бир нече кыргызча сөгүнгөн сөздөр да бар. Андан сырткары, клипте кыргыздын салтын маскаралаган учурлар да тартылган. Норвегиялыктардын мындай кылык-жоругу кыргыз коомчулугун биро топ кыжырланткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0