БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын ТИМинин нааразычылык нотасына карата жооп даярдап жатат. Бул тууралуу Новости-Казакстан маалымат агенттиги билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын Россияда ажаткана жууп жүргөн кыргыздар тууралуу айткандарына карата нааразычылык нотасын жөнөткөн.
"Учурда кыргыз тарапка жооп даярдалууда. Ал Казакстандын маданият жана спорт министрлигинин берген комментарийлерине негизделген. Азырынча даяр боло элек документтин мазмуну тууралуу айта албайм. Ал даяр болору менен кыргыз тарапка берилет", — деп казак ТИМинин маалымат катчысы Ануар Жайнаков билдирди.
Белгилей кетсек, казак министринин айткандары социалдык тармактарда катуу талкууланып, кыргыз жана казак элинин арасында кызуу талкууга жем таштаган болчу.