Убактылуу өкмөт Ош жана Өзгөн шаарларында, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абалды жарыялап, аталган аймактарда коменданттык саат киргизилген.
14-июнь күнү гана Кыргызстандын күч органдары түштүк аймактагы абалды көзөмөлгө алууга жетишкен.
Улуттар аралык кагылышуунун натыйжасында миңдеген адам үйлөрүнөн, ишинен ажыраган.
Өлкөнүн бардык булуң-бурчунан миңдеген карапайым адамдар каргаша болгон жерге гуманитардык жардам топтоп жөнөтүп жатышты. Эл аралык коомчулук да колдоо көрсөткөн.

Башаламандык учурунда кыйроого туш болгон Ош шаары.

Ыктыярчылар Ош шаарынын чет-жакасындагы өз айылдарын күзөтүүдө.

Чатырдын үстүндөгү бала Ош шаарынын көчөсүндөгү чыккан өрткө байкоо салып жатат.

Шарк айылынын жашоочусу бузулган гараждын жанында, 16-июнь, 2010.

Жалал-Абаддагы Навруз мейманканасынын имараты июнь окуялары учурунда өрттөнүп кеткен.

Эне-бала Ош шаарында автобуста отурат.

Дайынсыз жоголуп кеткен адамдын сүрөтүн кармаган туугандары. Ош шаары.

Уулунун сөөгүн коёр алдында ыйлап турган эне, Ош шаары, 17-июнь, 2010.

Оштогу мүрзөдө.

Жоокерлер Ош шаарынын аэропортуна жакын аймакты кайтарууда.

Ош ИИБдин башчысы Курсан Асанов элди тосмолорду алып салууга көндүрүүдө.

Ош шаарына кире бериштеги блокпост.

Ош облусунун Нариман айылына жакын жердеги кыргыз-өзбек чек арасынын күзөтчүсү.

Жарандар бир нече чакырым аралыкка казылган аң аркылуу Өзбекстанга өтүп жатышат.

Ошто гуманитардык жүктү таратуу.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Оштун тургундары менен жолугушууда.

Сураташтан качып келгендердин Ош шаарынын четиндеги лагери.

Кыргыз жана өзбек аксакалдары тынчтык тилеп жатышат.

Баш кошкон жаштар Ош шаарында милиция кызматкерлеринин жанында сүрөткө түшүүдө, 9-октябрь, 2010.

Шарк аймагындагы үйлөрдү кайра калыбына келтирүү учурунан көрүнүш.