"Кыргызстандын сулуусу" болуш канча турат?

© Sputnik / Табылды КадырбековСулуулар сынагындагы айымдар. Архив
Сулуулар сынагындагы айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялзаттын баары табиятынан сулуу болот дегенге алардын битин сыгып канын жалаган күйөөлөрү эле ишенбесе, башкалардын ишениши кыйын. 2015-жылдын эң сулуу бийкечи Таттыбүбү Самидин кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызстандын сулуусу" болуш үчүн канча капчыгы канчалык жукарганын айтып берди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Албетте, айымдардын сулуу болуу үчүн жасаган аракетинин баарына баа берүүгө кыйын. Мисалы, пластикалык хирургдардын кызматы орто чарба кыргызстандыктын өмүр бою тапканына татыйт.

Кыргызстандык сулуулардын келбети табигый келип, хирургдардын кызматына көп муктаж эмес. Sputnik Кыргызстан былтыркы жылдын ай чырайлуу бийкечи болгон Таттыбүбү Самидин кызынан аталган сынакта жаркырап-жайнап туруу канчага бааланганына кызыгып көрдү.

Кыргызстандын эң ажарлуу кызы тандалды
Кече көйнөгү — 300 доллар. Таттыбүбүнүн айтымында, бул дагы тааныш-билиш менен арзан түшкөнү. Көйнөктүк кездеме менен калган-каткан керектүү нерселерди сулуу бийкеч базардан эле сатып алган. 

Туфли — 5 000 сом. Таттыбүбүнүн кара, кызыл, көк жана саргыч боз түстөгү 70тен ашык бут кийими бар. Сынакта сулуу кыз кара туфличен басып жүрдү.

Конкурска катышуу үчүн төлөм — 4 000 сом. Бул жылы акы бекерден 5 миң сомго чейин болушу мүмкүн.

Улуттук кийимди прокатка алуу — 4 000 сом. Дал ушул көйнөк менен Таттыбүбү "Дүйнө сулуусу" сынагына катышкан.

Макияж жана чач жасалгасы — 3 000 сом. Таттыбүбү өзү дипломдуу визажист болгондуктан келбетин өзү эле иретке келтире алат. Бирок мындай сынакка кесипкөй адистердин жардамы сөзсүз керек.

Бижутерия — 6 000 сом. Кыргызстандын сулуусу шакек-сөйкөлөрү мындай сынактын далайына жетет дейт

Маникюр, педикюр — 2 000-2 500 сом. Кымбатпы? Бирок эч ким кыздын келбетинен кынтык тапкыс болот да.

"Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагындагы сүртүмдөр
Каш коррекциясы жана боео — 600 сом. Үч жумадан кийин каштын көркү чыга түшөт дейсиз…

Чач боео — 4 000 сом. Таттыбүбүнүн чачын көрдүңүз беле? Чач тарач деле сокур эмес да.

Депиляция — 2 000 сом. Кыргызстандын сулуунун төгөрөгү төп келиши керек

Видеокайрылуу — 3 000 сом. Таттыбүбүнүн айтымында, Ысык-Көлдө жасалган роликке достору жардам берген. Мында акча жол киреге гана жумшалган.

Демек, сынакка катышуу үчүн орточо эсеп менен 54 миң сом керектелет. Анан албетте, келишимдүү келбет болушу керек…

Жаңылыктар түрмөгү
0