БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын аймагында эртең да жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бишкекте түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 18…20 градус жылуу болсо, Ошто абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 20…22 градуска чейин көтөрүлөт.