БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Алай районунун Корул айыл аймагында түнкү саат экилер чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Тогуз-Булак айылындагы Сай участкасында көпүрөнү алып кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Мындан сырткары Орон-Жылга участкасында көпүрөнүн таянычтарын алып кетүү коркунучу жаралган. Ал эми Ленин айыл аймагынын Мурдаш айылында Тоголок-Дөбө участкасында буга чейин жылган жер көчкүнүн үстүнөн кайрадан жаракалар пайда болгон", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Ал эми Кара-Кулжа районунда 18-майдагы жамгырдын кесепетинен Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун бир нече аймактарына сел агындылары түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Учурда ӨКМдин тиешелүү бөлүктөрү жолду тазалап жатат.